www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев чек арадагы чыр жана аны чечүүнүн жолдору тууралуу маек курду.

--Марлен Абдырахманович, кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкса эле жетекчилер жолугат. Бирок, эмнеге андай жолугушуулардан дээрлик жыйынтык чыкпай жатат?

--Маселе эки тараптагы чек араны тактаган комиссиянын майнапсыз ишин ушундай жагдай жаралып жатат деп айтаар элем. Анткени, чек араны тактаган комиссия мүчөлөрү жана аны жетектеген вице-премьерди бардык укугунан ажыратып, чек араны такта деген талап коюп, Баткенге жашап, иште деп көчүрүш керек. Алар жөө болобу же ат минеби күнүнө 10 метрден такташса да, чек араны такташы керек. Талаштуу жерлерди эки жактан өзгөчө зона же убактылуу чек ара деп жазып коюп, андан башкасын чече беришсе болмок. Биринчи этапта такталган жерлерге зым тартып, тозуп коюп, анан жанагы талаштуу делген 40 тай участокту чечүүнүн айласын издешсе болмок. Тең салмактуулукту сактап,  1 да см жерди уттурбай алмаштырчу жерин алмаштырып, айрым жерлерди дагы башка ыкмалар менен чечип алышыбыз керек.

--Ок атылган сайын жүрөгү оозуна кептелип, ар бир күндү жүрөк оору менен өткөргөн чек арага чектеш жерде жашаган элдин убалы кимге?

--Чек арага чектеш жашап, оор шартта күн кечирген, ал аз келгенсип ок атылып, түн уйкусу бөлүнүп, бушайман болгон элдин убалы түздөн түз өкмөткө, Абылгазиевге тийет. Анткени, маселени ошолор чечпей жатат. Элдин убалын ойлосок маселени тезирээк чечиши керек.

--Эмне үчүн чек ара боюнча жооптуу адамдарга  катуу талап коюлбайт?

--Анткени, андай жооптуу кызматтарга маселени чече албай турган кадрларды коюп алышкан. Алар маселени чечпейт же кызматтан кетпей отурушат. Премьер-министрге болсо эптеп күндүн өткөнү эсеп болуп калды окшойт. Болбосо чек араны чечүүгө киришет эле да. Канча жолу чек араны тактаган комиссияны ошол жакка көчүр деп айттык. Бирок, андан маселе деле чечилип кеткен жок. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости