www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жаңы шайланган орун басарлары жана Аппараттын жетекчиси менен жыйын өткөрүп, парламенттин ишмердүүлүгүнө байланышкан жагдайларды талкуулады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тагыраагы, Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүү жаатында бир катар тапшырмаларды берип, алдыда карала турган маселелер тууралуу маалымат алды. Ошону менен катар негизги иш пландар боюнча да пикир алмашты.
Андан тышкары, Төрага Марлен Маматалиев парламент мыйзам чыгаруу ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, киргизилген долбоорлорду ыкчам кароого басым жасашы керектигин белгилеп: «Жогорку Кеңеш өкүлчүлүктүү орган катары шайлоочулар менен да жигердүү иш алып баруусу зарыл. Ар бир келген кайрылуу көңүл сыртында калбай, түшкөн бардык кат боюнча тийиштүү жумуштар жүргүзүлүшү кажет», - деди.
Ошондой эле кеңешмеде уюштуруу жана документ жүгүртүү иштерине байланышкан маселелер да талкууланып, Төрага аталган багытта жаңы дайындалган Аппараттын жетекчисине бир топ тапшырмаларды берди.