www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында пандемияга байланыштуу өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу маселеси талкууланды.
Жыйында депутат Марлен Маматалиев үй карантининине алынган жарандар режимди сактабай жатканына тынчсызданды.
“Мен өзүм күбө болгон көрүнүштү айтайын. Бир үй-бүлөдө апасы үй карантинине алынган. Бирок аны менен контакт болгон кызы ээн-эркин көчөгө чыгып, кыдырып, дүкөндөргө барып жатты. 3 күн гана болду экөөнү тең алып келип жаткырыптыр. Ага чейин канча адамдар менен байланышты. Дагы бир үй карантинине алынган кошунам велосипеди менен дүкөнгө барып жүрдү. Мен өз көзүм менен көрдүм. Бул өтө коркунучтуу жагдай, оорунун жайылышына шарт түзөт”, - деди Марлен Маматалиев.
Буга кошумча төрага Дастанбек Жумабеков да кошулуп, карантиндин шартын сактабаган жарандарга катуу чара көрүү керектигин айтты. “Жогорку Кеңеш мыйзамдардын кабыл алып берди, укпагандарга айып пулдарды салып, катуу чараларды көргүлө”, - деди төрага.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов чынында үй карантини боюнча маселе оор болуп жатканын мойнуна алды. Байкоого алынган 8000 адамдын ичинен көпчүлүгү укпай, түшүнгүсү келбегендер болууда деди ал. Бирок милиция тийиштүү иштерди алып барып жатканын белгиледи.
Мындан сырткары, депутат Марлен Маматалиев курулуш материалдарды саткан ишкерлер өзгөчө абалга карабай ар түрдүү жолдор менен уруксат алып, иштерин улантып жатканын айтты. Мындан улам депутат Кыргыз почтасы аркылуу товар жеткирүү ишин уюштуруу зарыл деген сунушун берди.
Булак: NazarNews.kg