www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкек мэриясынын жол кирени көтөрүү демилгесин сынга алды.

Эл өкүлү буга чейин борбор калаага автобус, троллейбустарды алуу үчүн парламенттен 100 миллион долларлык кредит, гранттар ратификациядан өткөнүн белгиледи.

"Кредит алуунун максаты жол кирени көтөрбөө болчу. Тилекке каршы, бүгүн мэрия ал автобус, троллейбустарды алган жок, анысы аз келгенсип жол кирени көтөрөбүз деп жатат. Бир колубуз менен айлыктарды көбөйтүп, экинчи колубуз менен жол кирени кымбаттатабызбы? Ошол автобустар эмне болгонун карап чыгалычы. Болбосо тариф маселеси акырындап отуруп социалдык жарылууга алып келет. Жөнөкөй эл кыйналып жатат да, ансыз да азык-түлүк кымбаттады", — деди Маматалиев.

Ошондой эле депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, мэрияга тарифти жогорулатпоо тапшырмасын берип коюшун өтүндү.

Эске салсак, буга чейин мэрия жол кирени жөнгө салуунун 3 вариантын сунуштаган:

1."Баарын кандай болсо, ошондой калтыруу".

2. Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоорун белгиленген жол кире тарифтери менен кабыл алуу:

- муниципалдык коомдук транспортто - 15 сом;
- жеке ташуучулардын бардык класстарындагы автобустарда - 22 сом;
- кечки тариф - 32 сом.

3.Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоорун муниципалдык коомдук транспортто жүрүү үчүн тарифтерди белгилөө менен кабыл алуу:

- автобустар - 16 сом;
- троллейбустар - 14 сом;
- бардык жеке ташуучулардын автобустарында 26,5 сом;
- кечки тариф - 32 сом.

Баалардын экономикалык анализинин негизинде жана бул варианттардын таасиринин эффективдүүлүгүн эске алуу менен бүгүнкү күндө жол кире тарифин төмөнкүдөй белгилөө пландаштырылууда:

Бир жүргүнчүгө жол кире:
- троллейбуста - 15 сом;
- менчигинин түрүнө карабастан автобуста (өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) - 15 сом;
- менчигинин түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы автобустарда:
6:00дөн 20:30га чейин - 21 сом,
20.30дан 6.00гө чейин - 32 сом.
- менчигинин түрүнө карабастан атайын чакан класстагы экспресс-автобустарда: № 233, № 234 - 22 сом;
№ 123, № 226, № 252 - 32 сом.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости