www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин,  “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев NazarNews маалымат агенттигине 2020-жылы өтө турган шайлоо тууралуу пикирин билдирди.

--Саламатсызбы Марлен мырза, 2020-жылы өтө турган шайлоодо кайсыл партияга ийгилик жаралышы мүмкүн?

--Азырынча айтыш кыйын. Бирок, кайсыл мамлекет болбосун шайлоодон бийлик өзүн колдогон партиясын өткөзөт.

Менин жеке оюумда, “Биримдик” партиясы шайлоодон өтө турган партия деп ойлойм. Ошондой эле “Кыргызстан” партиясында да мүмкүнчүлүктөр бар.

--Сиз көп студенттерди чет өлкөгө бекер окууга жибересиз. Үй-бүлөңүздү каржылаганга  сиздин депутаттык айлыгыңыз жетеби? Каражатты кайдан аласыз?

--Социалдык долбоорлорду өнөктөш досторум жана фонддор каржылап берет. Ал эми, менин депутаттык айлыгым өзүмө жетет.

--Кыргыз аткаминерлери жогору жактын сөгүш менен эскертүүсүнөн чочулашабы же ага маани деле беришпейби?

--Албетте, чочулашат. Анткени мыйзым боюнча 2 жолку сөгүштөн кийин кызматынан автоматтык түрдө алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости