www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Марлен мырза, ипотека түпкүлүгүндө аябай жакшы идея, бирок, эмне үчүн ал талаптагыдай ишке ашпай келет?

-- Биз ипотека үчүн жетиштүү акча каражатын бөлүп берип жатабыз. Жылына 500 миллион сомдон 1 миллиард сомго чейин бөлүнөт. Бирок, ал акчалар натыйжалуу колдонулбай атпайбы. 3 миллиарддын тегерегинде каражат кетириптирбиз, ошол эле учурда ушу кезге чейин төрт жарым миң эле киши үй алыптыр. Мен ойлойм, бул туура эмес. Биринчиден, пайызы өтө жогору. Анан алгачкы взносу да абдан көп. 20-30 пайызга чейин жетет. 20-30 пайызын дароо төлөгөнгө азыркы мугалимдин дагы, врачтын дагы шарты жок. Экинчиден, айлык маянаң тууралуу справкаларды алып келишиң керек. Сенин тугандарың да жетиштүү айлык алса, ошондо гана сен алар талап кылган шарттарга туура келет  экенсиң. Анда биз аны “мамлекеттик ипотека” деп атабай эле коюшубуз керек. Коммерциялык банктын эле жасай турган иши болуп атат. Ошон үчүн мен өкмөткө маселе койдум. Биринчи кезекте алгачкы взнос дегенди такыр алып салыш керек. Аны жөнөкөй мугилим, же врач төлөй албайт. Ал мугалим болуп иштеп жатат, реестрде турат, анда эмне үчүн дагы башка, кошумча маалыматтарды талап кылышыбыз керек? Экинчи жагынан, ал жалгыз иштейби, же түгөйү да иштейби, ага карабаш керек. Ошондо ипотека максатына жетип, аны көбүрөөк жарандар ала баштайт эле. 

-- Сиз маселе койгондо анын чечүү жолдорун да сунуштап жүрөсүз. Ипотека боюнча кандай сунуш айтар элеңиз?

-- Биринчиден, анын пайызын 4%га түшүрө турган, анан “пайыз менен албайм” дегендер үчүн 0%дык эки механизм бар. Алар дапдаяр турат. Жаңы дайындалган вице-премьер-министр “жолугалы” деп айтты. Эгер жолугуп калсак, мен ошол механизмдерди берем. 

-- Анда бул маселени оңой эле чечсе болот экен да?

-- Ооба, мен механизмин таап бердим да. Буга чейин да сунуштагам, бирок, мурдагылар аны жакшы түшүнө албай коюшкан. Ал эми азыркы вице-премьер банк системасынан келди. Ал дароо түшүнүп, ишке ашырат го... 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости