www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.
Анда депутат Марлен Маматалиев , өлкө аймагында 27 маанилүү жол бар, анын ичинде 18 жолго биринчи кезекте автоматташтырылган таразаларды орнотуп, жүк ташуу агымына көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин билдирди. Ошондо жүк тартуу жайларында орун алган коррупциялык схемалаларга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.
Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев жаңыдан салынган жолдор четинен кайра бузулуп жатканын белгиледи. «Жолдордун тез арада бузулушунун себеби – ашыкча жүк ташыган транспоттук каражаттар. Ошондон улам, мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга карата айып пул санкцияларын колдонууну катуулатуу демилгеси сунушталып жатат», - деди ал.
Ошентип, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин, автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өтмөктөрү менен өткөрүү эрежелерин бузган жүк ташуучу автомобиль ээлери үчүн 9-категориядагы салык салууну колдонуу сунушталууда. Ага ылайык, боюнча айып пул жеке адамдар үчүн 1000 эсептик көрсөткүчтү, юридикалык жактар үчүн 2000 эсептик көрсөткүчтү түзөт.
Андан тышкары, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу транспорттук көзөмөл жайларын автоматташтырылган тутумдар менен жабдуу, мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга транспорттук каражаттын салмак габариттик көзөмөлүн жүзөгө ашырууда автоматтык режимде иштеп турган видеожазмалуу атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталган бузуулар боюнча токтомдорду иштеп чыгуу жана таратуу мүмкүнчүлүгү берилип жатканы белгилүү болду.
Кыргызстандын тышкы карыздарынын 2 млрд 600 млн сомун же 80 пайызын жол салууга алынган насыялар түзөт. Мурдагы жөнөкөй таразалар 6 миңге чейин гана бузууларды аныктаса, азыркы автоматташтырылган 20 миңге чейин бузууларды аныктай алат. Буга чейин жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактар болгону 10 сом айып пул төлөгөн.
Булак: NazarNews.kg