www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги эксперт Марс Сариев менен шайлоонун кандай өтөөрү, кайсыл партиялар ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү боюнча баарлаштык.

-Марс мырза, партиялар курултайын өткөрүп, тизмелерин бекитип жатышат. Сиздин анализиңиз боюнча ийгилик кайсыл партияларга жылмаят?

-Ийгилик бийликке ыктаган партияларга жылмаят.“ Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик”, “Кыргызстан” мүмкүн “Бир Бол” анан “Ата Мекен” өтүшү мүмкүн.  

-Добуштарды саткандарды жоопкерчиликке тартуу мыйзамы күчүнө кирди. Эми бул мыйзам добуш сатууну токтото алабы?

-Добуштарды саткандарды жоопкерчиликке тартууну күчөтсө, күчөтпөсө дагы добуштар сатылат. Күчүнө кирди деген мыйзам иштебейт. Себеби, партиялардын баары ошол ыкма менен иштешет. Региондордун баарында добуш сатылат. Кыскасы, добуш алуу үчүн бардык ыкмалар колдонулат.

-Сиз айткан мисалдар ишке аша турган болсо, таза шайлоонун дайыны чыкпай калат го?

-Таза шайлоодон үмүт үзбөш керек. Бирок, таптаза шайлоо болбойт экенин түшүнүшүбүз керек. Бийлик аша чапкандарды  тизгиндөөгө аракет кылышы мүмкүн. Бирок, шайлоого аттанган баардык  партиялар ийгиликке жетели деген максатта ар кайсы технологияны пайдаланат.

-Эмнегедир Белоруссиядагы шайлоонун Кыргызстанга таасири тийиши мүмкүнбү? Акыркы мезгилде аналитиктер, саясатчылардын баары ошого басым коюп жатышат го?

-Албетте, таасири тийиши толук мүмкүн. Биз бир нерсени эсибизге түйүшүбүз керек. Кыргызстандын саясий абал  Белоруссиядагы   окуяга  жараша өнүгөт. Эгер ал жакта митингге чыккандар тынчыбай кызгылт сары түстөгү революция  башталса, анда Россияда дагы  Хабаровск крайындагы  окуялар жанданып, Кыргызстанда  уланып кетиши мүмкүн. Белоруссияда  нааразычылык акциялары  токтоп калса, Кыргызстанда дагы шайлоо тынч өтүп, нааразычылык акциялар болбойт.  Ошондой эле жазга  да ызы-чуусу жок барабыз.

-Кыргызстандын шайлоосуна чет мамлекеттер кийлигишиши мүмкүнбү?

-Кийлигишиши мүмкүн. Белоруссияга батыш кийлигишип, Светлана Тихановскаяны чыгаргандай, Кыргызстанга да украинадагыдай кызгылт сары түстөгү  революция кылууга аракет кылышат. Же батыш Белоруссиядагыдай вариантты деле Кыргызстанга даярдап коюшу толук мүмкүн. Анткени, бизде деле батыш өзүнүн талапкерин таптап, алга сүрөп жаткан технологиялар ишке аша баштаганы байкалат. Алар тымызын сотто иштеген Клара Сооронкуловага окшогон саясатчыларды даярдап жатышат.  Алардын аракетин  байкап калган Абдиева “Белый паруска” жазып чыкты го. Эми алар тактикасын өзгөртүп, башка нукка бурушу мүмкүн.

-Кандай нукка бурат деп ойлойсуз?

-Менимче, “Бир Бол” менен “Ата Мекендин” ичинде шайлоого аттанган жаштарды колго алып, мындан ары ошолор менен иш кылышы мүмкүн. Тагыраагы, “Бир Бол” менен “Ата Мекендеги” таза күчтөр өтүп кетсе, алар ичинен иштей баштайт. Жыйынтыгында жаштардан турган оппозиция пайда болот. Жанар Акаевдей 10-20 депутат болсо эле парламенттин ичинен чоң чатак чыгып,  демократиялык күчкө айланышат. Алар ар кайсы партияда экенине карабай, бир ой, бир максат менен иштеп,  батышты карап түздөнүп, ошол жакка багыт алышат. Жыйынтыгында 3-5 депутат 115 депутатты утуп кеткендей  абал пайда болуп, парламентте саясий кризис күч алган абалга жетип калышы ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости