www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жакынкы жылдары Башмыйзам өзгөртүлөөрү айтылууда. Бул тууралуу алгачкы кеп Президент Сооронбай Жээнбеков менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда жүрдү. Анда жарандык активисттер Башмыйзамды өзгөртүү зарылчылыгын айтып, бул боюнча өлкө башчынын пикирине кызыгышкан жана С.Жээнбеков өз президенттигинин мөөнөтүндө мындай кадамга бараарын жарыялаган. Саясат талдоочу Марс Сариев алдыда күтүлүүчү бул реформалар Кыргызстандын тагдырында олуттуу өзгөрүүлөр болоорун божомолдойт.
Анын пикиринде эгерде "демократиялаштыруу процесстери жүрсө, республикада экономикалык өнүгүү башталса, анда эки жылдан кийин мындай экономикалык ийгиликтердин фонунда С.Жээнбеков, албетте, президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө барат". Ал эми Башмыйзамды өзгөртүүнүн артында дагы бир тарыхый бурулуш жатышы мүмкүн. Ал светтик Кыргызстандын диний багытка жүз бурушу болмокчу жана ал Түркиянын моделинде ишке ашат.
Эксперттин жүйөөсү боюнча "эгерде Жээнбеков азыр Түркия вариантындагы ислам факторун күчөтчү болсо, анда бул ич-ара бөлүнүүнү жоёт, ошондуктан, ал муну ыңгайлуу вариант катары эсептейт".
Эксперт менен маектин толук тексти бул жерде. http://www.nazarnews.kg/news/24462
Булак: NazarNews.kg