www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун уставында уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда чыр-чатак чыкса, чара көрүү каралган эмес. Бул тууралуу саясат таануучу, Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук боюнча эксперт Марс Сариев билдирди.

--“Тажиктер окуя болгонго чейин КамАЗ менен “Головнойго” суу алуучу жерге шагыл ташып келишкен. Андан кийин жанына видеокамераларды орнотуп, Тажикстандын желегин илип алышкан. Ушу сыяктуу нерсени алар бир жыл мурун провокация кылышкан. Ошол кезде тажик тарап Ворух анклавынын чек арасына кыргыз тарап совет доорунда курган пьедесталга атайылап өз желегин илип койгон (ал кезде административдик чектер болгон). Ага коңшулар өз туусун илип алып ошондон анан жаңжал башталган. ЖККУнун же Россия Федерациясынын күчтөрүнүн ортомчулук жана тынчтыкты орнотуу ролу жөнүндө төмөнкүлөрдү айтайын. Тажик тарап эгерде согуш аракеттерин баштаса, ЖККУ кийлигише албастыгын билди. Анткени анын уставында уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда чыр-чатак чыкса, аларга чара көрүү каралган эмес”, - деди эксперт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости