www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-май күнү Чүй облусунун Лебединовка айылынан кызды уурдоо учуру дүкөндөрдүн бирининин видеосуна түшүп калган.
Урда издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-майга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 2001-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда 5-май күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз жарандар Лебединовка айылында жайгашкан соода түйүндөрүнүн биринин алдынан арыз ээсинин эжесин Тайота-Эстима үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка уурдап кеткендигин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кызды уурдап кеткен жарандын аты-жөнү такталган. Учурда милиция кызматкерлери аталган жарандын жашаган жерине жөнөп кетишти. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти Чүй облустук милициясынан.
Булак: NazarNews.kg