www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Баткен облусундагы иш сапарында күзөтчүлөр журналисттерге, жайкын тургундарга президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушууларын сүрөт-видеого тарттырбай жатат жана тартылган сүрөттөрдү өчүртүп салышкан. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Президенттин басма сөз кызматы буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Жапаров Максат айылындагы чек ара чырында өрттөлгөн мектептин жанында тургундар менен жолукту. Андан ары Кулунду, Интернационал айылдарына барары айтылды.

Жапаров 6-майда Баткенде иш сапар менен жүрөт.

Эске салсак, 28-30-апрель жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости