www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чек ара маселесин коркпой ачык карасак, кечээ болгон окуялар болмок эмес», - деп бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында чек ара боюнча маалымат ачык угулушу керек. 

«5 жылдан бери чек ара маселеси ачык каралышы керек деп айтып жатам. Бирок бир да жолу маселени ачык кароону колдогон жоксуңар. Күнөө өзүбүздө дагы бар. Коркпой ачык карасак, кечээ болгон күндөр болмок эмес.

Эми мындан ары маалыматты жөн эле угуп коё бербей, өзгөчө макам берилип жатыптыр, ошол боюнча программаларды уксак туура болот. Кечээги болгон окуяга күнөөлүүлөр жоопкерчилик тартыш керек.

Ал жердегилерге үй салып берген менен мамиле чечилбейт. Элге үмүт бере турган иш-чараларды көрсөк», - дейт Тиллаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости