www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марсбек Кыдыкбаев кызматтан алынды

Ишкерлердин ишине мыйзамсыз кийлигишүү жана мыйзамсыз жоопко тартуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын прокурору  Марсбек Кыдыкбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокуратура ишкерлердин биринен түшкөн арыздын негизинде Бишкек шаардык прокуратуранын кызматкерлеринин ишин текшерүүгө алган. Анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын көзөмөл органынын кызматкерлери борбор калаадагы курулуш компаниялардын бирине турак жай комплексин куруу үчүн берилген уруксат документтерин текшерип, документтер мыйзамдуу алынганына карабай Бишкек шаарынын прокуратурасынын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен иш козголуп, компаниянын жетекчиси кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен ал кылмыш иши токтотулган.

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча бир нече кызматкер тартиптик жазага тартылып, Бишкек шаарынын прокурору Марсбек Кыдыкбаев кызматтан алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости