www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы мезгилде кээ бир саясий партиясынын лидерлери, мүчөлөрү Кыргызстанды ичинен иритүүнү максат кылып жаткандай. Шайлоодо маарага жетпей калган күлүктөй болуп ташыркап, акыры анысынын себебин башка жактан издеп жатышкандай элес калтырат. Кемчиликти өзүнөн эмес, өзгөлөрдөн көрүү “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын, аны жетекчисинин адаты экен.
Муну Өмүрбек Бабановдун “премьер-министри” Бакыт Төрөбаев күн өткөн сайын тактоодо. Башбакан болбой калганына өкүнүп, анысын азыркы бийликтен көрүп, ыңгайы келсе президентти баш кылып элге жек көрсөтүү үстүндө иштеп жатыптыр. Жакында Бишкектеги коомдук унаалдырдын жол акысы кымбаттайт деген каңшаар кеп чыгып, көпчүлүк шаардыктар мэр Албек Ибраимовду, ал мүчө болгон КСДПны ашата сөгө баштаган.
Бирок, А. Ибраимов шаардык кеңештин жыйынында мындай жолго барбай турганын ачык айткан. Көрсө бул идеяны “Өнүгүүнүн” Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаты С. Исмаилов айткан экен. Анысын “Марал” радиосуна да билдирген. Көпчүлүктүн кыжырын келтирген бул каңшаарды Бакыт Эргешович атайын ойлоп таап, аны шаардык кеңештеги депутатынын оозу менен айттырганы жалганбы? Жазга чейин бишкектиктердин бийликке нааразычылыгын ушундай кептер менен жаратууну каалаганбы?
Бирок, Төрөбаев мындай элге жакпас кадамдары менен эч качан алдыга жыла албайт. “Премьер-министр” деңгээлинен көтөрүлө албайт. Дэңгээли ушул болсо эмне кылсын. Болгону “ынагы“ Бабановчосунан сыртка качып кетпегенине шүгүрчүлүк кылбайбы дейсиң да.
Булак: "Мантыш"