www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мас киши Куйлюк борбордук базарында жайгашкан жогорку кубаттуулуктагы электр линиясынын таянычына чыгып, өзүн-өзү өлтүрмөкчү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

 Аталган окуянын күбөлөрү кырдаалды видеого тартып алышкан. Андагы тасмада көрүнүп тургандай ИИМдин кызматкерлери мас кишини жерге түшүүгө көндүрүүгө аракет кылып жатышкандыгын байкоого болот.

Ташкент ОИИБинин маалыматына караганда окуя 4-мартта 17:45 чамаларында болгон. Бектемир районунун милиция кызматкерлери базардан өтүп бара жаткан кезде электр таянычына чыгып бараткан кишини көрүп, аны суицидге барчу жолунан кайтаруунун көздөшкөн.  

Аталган жаран Фергана облусунун 34 жаштагы тургуну Дониёрбек Д.-буга чейин соттолгон жаран экендигин жана ал мас абалында экендигин көрүшкөн. Милиция кызматкерлери кишини суицидден куткарууга жетишишкен.

Учурда ал Ташкент облусунун психиатрикалык бейтапканасында психиологдордун көзөмөлүндө экендигин тиешелүү кызматкерлер кабарлаган.

Ал эми Өзбекстандын ИИМи роликтин авторлоруна кайрылып: “Көбүнчө мындай кырдаалга кабылган адамдар жолдо өтүп бара жаткан адамдардын видеого тартып, таратуусуна жана “эксперттик” талдоосуна эмес,  колдоосуна муктаж болот”,-деп эскертишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости