www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мээрбек Мискенбаев мырза Азаттык радиосуна агынан жарылып маек бериптир. Ар бир сөзүндө тарсылдап таамай сүйлөп, сенсиреп президенттин дарегине чейин таш ала чуркап, айтор ушундай өңүттө азыркы бийликтин жалпы коррупцияга каршы күрөшүн саясий куугунтук катары баалады. Мынча тапанданган Мискенбаевди биякта мен карап отуруп ичимен ой кетти.

Кайран жигиттин башын кара булут каптай элек кезеңдерде, Жогорку Кеңештин трибунасынан чыга калып куудулдардын оозун оздуктабай, андан көрө Мискенбаев мырза, таттуу уйкудан көздөрү ачыла электе баштарын учак басып мерт кеткен 35 маркумдун арбагын сыйлап Дача СУ окуясынын артынан түшө иликтесе, душман Бакиевдер деп бакырык салып жүрүп, кайра ошол Бакиевден калган жер тилкени мамлекеттин менчигине өткөрбөстөн өзүнө ыйгарып хан сарай салып алган экс-ажоону «Коюңуз урматтуу президент! Эл карап турат! Уят болобуз!» деп ыйманга чакырып тизгиндесе, «Кытайдан очойтуп карызды алып атабыз, аны ким төлөйт? Акчалар канчалык сарамжалдуу иштелип атат? Отчетун бергиле!» деп, Жогорку Кеңеште трибуна муштай азыркыдай тарсылдап сүйлөп турса, баланын кадыры ошондо көтөрүлүп, ошондо аброю арыламак.

Бирок ал убакыт өттү кетти. Тилеке каршы эл өкүлү болуп туруп анте албады. Парламенттин парасатын кетире сүйлөгөн ар бир сөзү азилге айланып отуруп акыры мөөнөтүнүн аягына чыкпай эл өкүлчүлүгүнөн кетип тынды. Кеткенде деле алыс кеткен жок. Форумга кетти. Саясаттан сүйлөп, элди аянтка чыгарам деп да күпүлдөп жүрбөдүбү? Анан ал да болбой калды. Айтор мындай, Мискенбаев мырза тууралуу айта турчу сөздөр көп эле.

Мурда Мискенбаев мырза эмне менен алектенгенин билбейм, бирок анын чоң саясаттка келиши эл арасында ал жөнүндө айтылып жүргөн «маскарапос» этикеткасын тагынып кеткенден башка пайда тапкан жок менимче. Эл көзүнө көрүнгөн биринчи таасир да далайга чейин тарабайт тура көрсө. Элиң менен бийиксин, элден чыксаң кийиксиң дегендей, ал өзү туура деп билген «не стандартный» билдирүүлөрү менен элге жат көрүнүп алды окшойт.

Эми айтайын деген сөз, эл арасындагы мен деле Мээрбек мырзанын бүгүнкү Азаттыктагы маегин баш аягына чейин иргебей карап отуруп, анын анча мынча форум жыттанган жалындуу сөздөрүнө ишениш керекпи же жокпу деген тумандуу ойлор башымды кыйла аралап барып, аягында океңдердин «Лучшая защита - это нападение» деген сөзү эске түштү.

Үстүнөн эми эле кылмыш иши козголгонуна сабыры түгөп, чырылдап аткан Мискенбаев мырзаны деле туура түшүнөм жана өзүнүн күнөсү бар жогун сотто толук далилдегенге дарамети жетээрине да ишенем. Чындык эч качан өлбөйт! Ал тургай көзү азис акын Темирлан Ормоковду мыйзамсыз камака алуу чечимин чыгарган Жогорку Соттун 3 судьясына кылмыш иши ачылганын угуп, бул маалыматты далайга чейин сиңире албай ойлондум. Кыргызстанда деле сотторго деле кылмыш ишин козгосо болот турбайбы деп, тан калдым. Анткени бул резонанс. Дегеле буга чейин Кыргызстандын тарыхында сотко кылмыш иши козголгонун уккан эмесмин.

Эмнеси болсо да, коррупция менен күрөш баарына тегиз жүрөөрүн президент деле элге убада кылды. Андай болбой, тетирисинен чыгып калса аны да алдыда көрөбүз. Азырынча «Саман өрттөнсө, Самарканд өрттөндү» деп таң эрте эл арасында чуу салбай баары мыйзамга тегиз баш ийиши керек деп ойлойм. Мыйзам иштебесе, өлкө коркунучта калат! Чындыкты убакыт гана таразалайт! Убакыттан өткөн так тараза али жасалып чыга элек. Андыктан ар бир нерсеге сабыр менен мамиле кылалы.

Медер Шерметалиев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Следующий >

Последние новости