www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жок кылынган К. Асанбек үчүн өч алуу ниетинде, массалык баш аламандыкка чакырган постторду байма-бай жарыялаган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК массалык баш аламандык уюштурууну көздөгөн уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында, жоюлган К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары КР ИИМдин каттоосунда турган 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (1997-ж. редакциясы, Адам уурдоо) менен, ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) боюнча соттолгон «Огуз» каймана аты бар 1988-жылы туулган Б.Э.Б. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.
Кармалган Б.Э.Б. социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу, жок кылынган К. Асанбек үчүн өч алуу ниетинде, массалык баш аламандыкка чакырган постторду байма-бай жарыялаганы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандык) менен кылмыш иши козголуп, кармалган Б.Э.Б. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин №21 мекемесине киргизилген, учурда жогоруда аталган фактылар боюнча кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.