www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандардын эс алуу жайларында чоң көлөмдөгү тиричилик калдыктары калып жаткандыгына байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирет.

Буга байланыштуу кайдыгер эмес шаар тургундары менен биргеликте 170тен ашуун адамдын — студенттердин, ыктыярчылардын, экоактивисттердин жана экоблогерлердин катышуусунда «Таза из» аттуу масштабдуу экологиялык флешмоб өткөрүлдү. Акциянын максаты — калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу, жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу, ошондой эле эс алуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду. 

Иш-чаранын алкагында катышуучулар эс алуу маданияты, жеке жоопкерчилик жана таштандыларды өздөрүнөн кийин жыйнап кетүү зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле экопакеттер, шопперлер жана пластиктин зыяндуулугу тууралуу маалыматтык материалдар таратылды.

Мындан ары массалык эс алуу жайларында экологиялык абалга мониторинг жүргүзүү жана мыйзам бузууларды аныктоо үчүн туруктуу негизде дрондордун жардамы менен патрулдук иштер жүргүзүлөт. Курчап турган чөйрөнү булгаган жактарга карата административдик жоопкерчилик чаралары, анын ичинде айып пулдар колдонулат. 

Министрлик бардык жарандарды жаратылышка аяр мамиле жасоого, тазалыкты сактоого жана курчап турган чөйрөнү коргоо — ар бир адамдын жалпы жоопкерчилиги экенин унутпоого чакырат.

 

Последние новости