www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча комитеттин координатору Мамбетжунус Абыловдун баш коргоо чарасын тандайт.

Массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деп шектелген жаран сотко алынып келинди.

Адвокат Майрамбек Жумабеков Мамбетжунус Абылов күнөөсүн мойнуна албай турганын журналисттерге билдирди.

«Мен соттон Абыловду үй камагына чыгарууну суранам. Менин жактоочум 68 жашта, ал саясий кызматтарда иштеген. Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болгон, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн генерал-майору аскердик наамы бар. Мамбетжунус Абыловдун туруктуу жашаган жери бар, ал тергөөдөн качпайт жана милицияга өзү келген», - деди жактоочу.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.

Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев эки айга камалды

Активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Кечээ 26-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн бири Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтүүгө алынып, бүгүн, 27-октябрда камакка алынды. Андан сырткары Марат Баязов 48 саатка камалды.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости