www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Легендарлуу парламенттин төрагасы, коомдук жана саясий ишмер Медеткан Шеримкулов Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарды үй камагына чыгарууну бийликтен суранды. Бул тууралуу ал 26-декабрда жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

"Жаңы жылдын алдында турабыз. Ар түркүн сөз айткандарга, ар кандай ойдо жүргөндөргө туура мамиле кылуу керек. Агабыздын, атабыздын мааракесин өткөрүп жатканда бийлик башындагыларга бир кайрылайын. Жок дегенде аялдарды үй камагына чыгарып койгула, алар эч жакка качпайт", - деди Шеримкулов.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 20дан ашык активист, саясатчынын алтоо аялдар. Алардын 14ү саясий ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албаганына он күндөн ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости