www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери опузалап 50 миӊ сом акча талап кылууга шектүү эки жаранды кармашты.

Шаардык милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, жарандан опузалап акча талап кылууга шектүү катары 1989-жылы Кара-Суу районунда туулган Т.Н. аттуу аял жана анын шериги Алай районунун тургуну 1998-жылы туулган М.уулу С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алардын үстүнөн КР Кылмыш кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголду.

Алдын ала маалымат боюнча, ушул жылдын 26-апрель күнү шектүүлөр өздөрүнүн таанышы жеке үйдө массаж жасоо менен алектенишкен 2000-жылы туулган Б. кызы О. жана анын теӊтушу Э. кызы А. жашаган үйгө келишип, кыздарга массаж жасатып жаткан жабырлануучуну видеого тартып алышкан.

Тартылган видеону кайрадан жабырлануучуга көрсөтүп, "эгерде 50 миӊ сом алып келбесеӊ бул видеону сенин жакындарыңа, үй-бүлөӊө көрсөтүп, интернетке чыгарабыз" деп коркутушуп, анын 25 миӊ сом акчасын, пастортун жана унаасынын техпаспортун алып коюшкан.

Жабырлануучу акча таба албай койгон учурда, шектүүлөр андан унаасын ломбардка коюп, 50 миӊ сом акча таап берүүнү талап кылышкан. Ошентип, жабырлануучу Ош шаардык милицияга арыз жазууга аргасыз болгон.

Учурда Тергөө кызматы тарабынан бул факты боюнча тереӊ иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости