www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түркиянын ушундай эле аталыштагы фонду тарабынан Бишкекте негизделген "Маариф" билим берүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

"Маариф" фондунун Кыргызстандагы өкүлү Хусню Бирджан окуу жайдын окуу кабинеттерин, лабораторияларын, китепканасын, актовый залын жана башка блокторун көрсөтүп, окуу процессинин жүрүшү тууралуу айтып берди. Студенттерге окутуу жергиликтүү жана эл аралык программаларга ылайык жүргүзүлөт. Кампуста оюн бакчасы, спорттук жайлар, музыкалык бөлмө, эскиздик класстар жана конференц-зал бар. Жакынкы мезгилде бассейн, спорт зал, жасалма футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары пайдаланууга берилет.

Хусню Бирджан белгилегендей, учурда ушундай комплекстерди Ошто, Баткен облусунда жана андан ары өлкөнүн бардык башка аймактарында куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов өсүп келе жаткан муунга керектүү баалуулуктарды, адеп-ахлактык мамилени жана социалдык өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн сапаттуу билим алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал кошумчалагандай, заманбап билим берүүдө алардын жеке ишмердүүлүгүн жана окуучулардын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн колдоого багытталган түрдүү ыкмаларды колдонуу зарыл.

"Министрлер кабинети билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк мамлекеттер аралык кызматташтыгын жогору баалайт жана бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн ар дайым мүмкүнчүлүктөрдү издейт", - деди Эдил Байсалов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости