www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин камалуусунда саясий боёк жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов lenta312`ге билдирген.
Депутат өз сөзүндө: - "Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, ал тууралуу адилеттүү же адилетсиз деп пикир айтканым туура эмес болуп калат. Ал эми айтылып жаткан коррупция менен эмес мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кадрларына каршы күрөш жүрүп жатат деген пикирлерге кошула албайм. Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин айтпады беле коррупциялык иштер боюнча бир тууганым экенине карабай күрөш жүргүзөм деп, мына чындап коррупция менен күрөшүп жатканын көрүп жатабыз. Ошондой эле мен ишеничтүү айта алам бул иштер боюнча эч кандай саясий боёк жок деп", - деген lenta312` сайтына ЖК депутаты Матраимов.
Булак:NazarNews.kg