www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Матраимов

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу "Азаттык" радиосуна төмөнкүдөй билдирүүсүн жарыялады.

"Урматтуу, “Азаттык” радиосунун өкүлдөрү,

Кызыгуу менен кайрылгандыгыӊар үчүн ыраазычылык билдирем жана өлкөдө коронавирустун күчөп турган мезгилинде ден-соолукта болушуңарды каалайм.

Мен, депутат жана ошол эле учурда Райымбек Матраимовдун бир тууганы катары, сиздердин кайрылууга жооп катары төмөнкүлөрдү билдиргим келет.

Бүгүн, сиздер инимдин жеке жашоосуна дагы көңүл буруп, материалдарды кайрадан жарыялагандан кийин, эми мен гана эмес, бул иликтөөнүн автору да бир катар суроолорго жооп бериши керек деп эсептейм.

1. Автор, өзүнүн 2019-жылдын 30-майындагы иликтөөсүндө Райымбек Матраимовду Кыргызстандан 700 миллион долларды чыгарып кетти деп айыптаган. Бирок, бул материалда да, кийинки материалдарда да, анын ичинде жаңы иликтөөсүндө да, автор дагы эле далилдерди берген эмес. Тескерисинче, бул теманы башка окуялар менен жаап салууга аракет жасалууда, тагыраак айтканда, иликтөөлөрдүн авторлору жаңы бөлүктөрүндө АКШнын сот органдарынын талабы боюнча алынган далилдерге негизделген бир катар башаламан тыянактарды келтиришет, бирок авторлор тарабынан тиркелген бир дагы документ Райымбек Матраимовго коюлган айыптарды тастыктабайт.

Ушундай жол менен Азаттык коомчулуктун көңүлүн буруп кетүүгө аракет кылып жатат деген сезим пайда болот;

2. Ушул эле иликтөөсүндө автор И.Матраимов атындагы кайрымдуулук фондун Айэркен Саймаитиден 2,3 миллион долларды мыйзамсыз алган деп күнөөлөп, ушул сумманы ырастоочу жасалма документтерди көрсөткөн. Бир жылдан ашык убакыт өттү, автор дагы эле жалган документтерди пайдаланганын мойнуна албай, жооп берүүдөн баш тартып келе жатат. Эгерде андай маалыматтары бар болсо, же жок дегенде расмий булактардан алынса, эмне үчүн автор анык маалыматты бербейт же маалыматты төгүнгө чыгарбайт. Иликтөөнүн жаңы бөлүгүндө чогуу иликтеген авторлоштор, мисалы “Клооп”, “Азаттык” тарабынан көрсөтүлгөн 2,3 миллион акча которуу жөнүндөгү документтер жалган экендигин мойнуна алышты. Ырастоо катары, алар мурунку иликтөөлөрдө жарыяланган маалыматтардын аныктыгын тастыктап беришпеген ошол банктарга кайрылышкан. Бирок “Азаттык” өзүнүн жаңы видео материалында бул учур жөнүндө сөз дагы кылган жок.

Азыр менде гана эмес, көптөгөн окурмандарда да суроолор пайда болду:

1. Райымбек Матраимов 700 миллион долларды чыгарып алгандыгын качан далилдеп бересиз же автордун айыптоолору негизсиз экендигин качан моюнга аласыздар?

2. Автордун 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө иш жүзүндө болбогон которуулар боюнча жасалма банктык квитанцияларды жарыялагандыгын качан моюнга аласыздар?

Жаңы иликтөөгө байланыштуу суроолор дагы пайда болду: Эмне үчүн сиздер фондго кайрымдуулук жардам катары киргизилген каражаттарды бир кыйла таң калыштуу жана башаламан тыянактар аркылуу арам акча каражаттар схемасынын бир бөлүгү катары көрсөтүүгө аракет кылдыңыздар?

Чындыгында, жарыяланган компаниялардан же ишкердик менен алектенген адамдардан кайрымдуулук түрүндөгү суммалар түшкөн. Белгилей кетчү нерсе, алардын ар бири менен фонддун ортосунда акча каражаттарын пайдалануу максатын көздөгөн келишим түзүлүп, анда бардык которуулар кайрымдуулук фондунун банктык эсебине расмий түрдө келип түшкөндүгү жана арналган максатына жараша багытталгандыгы көрсөтүлгөн.

Мунун мыйзам бузулушу эмнеде же фонд Кылмыш-жаза кодексинин кайсы беренесин бузганын жана бул акча Райымбек Матраимовго кандай байланышы бар экендигин түшүндүрүп бериңиздерчи?! Эгер, Сиз айткандай, бул акча ага арналган болсо, анда бул каражаттар кайрымдуулуктан башка эч кандай чыгымдай албай турган фондго которулуп кеткендиги таң калыштуу эмеспи? Бул каражаттар анын уставдык милдеттерин, башкача айтканда кайрымдуулук максаттарын аткаруу үчүн гана жумшалат.

Азыр, меним оюмча, дал ушул “Азаттык” радиосу жана ушул иликтөөлөрдүн автору суроолорго жооп бериши керек", - деп жазган Искендер Матраимов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости