www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Союздун мезгилин көрбөгөн, азыркы тарбиясыз циничный жаштар жөнүндө айтыштын кереги деле жок, себеби аларды өзүбүз тарбиялап өстүрдүк.
"Өзүңдө турса айып, кимге барасың тыржайып" дегендей, өзүбүз аларга адамга окшотуп тарбия бере албагандан кийин, жаштар жөнүндө сүйлөшко акыбыз деле жок болуш керек. Ал эми союздун тарбиясын көрүшкөн, боорукерлик, кайрымдуулук, адамкерчилик, уят-намыс деген касиеттердин баркын билген адамдарыбыз, бүгүнкү күндө 180градус өзгөрүлүп, кара ниет тескери каармандарга айланып кетишти? Эмне деп жазып жаткандары менен иши жок, каралап жаткан адамы жөнүндө эч бир түшүнүгү жок, азыркы бийликке каршылардын баары эле Раим Матраимовду жазып калышты.
Аксакалдары жазып, айтып жатканын көрүп, бешиктен бели чыга элек бокмурундары да Раимди эрмек кылышып алышты. Мен деле элдин шары менен кошула Раим жөнүндө негатив жазып көрөйүнчү деп ойлонуп, чынын айтайын эч нерсе таппадым. Туура, Атамбаев жана аны ээрчиген жугундукоолордун, Азаттык деген америкалыктардын Кыргызстанга ташталган эл бузар "десанттарынын" жалган жалааларын эсепке албаганда. Мен алардын жалгандарына ишенгидей, башымды али жоготуп кое элекмин, жана аларды адам катары эсептебейм.
Раим Матраимов азыркы мезгилдеги Кыргызстанда толуп-ташып жаткан байлардын бири. Бирок анын башкалардан өзгөчөлөнгөн чоң айырмасы бар:
Матраимов Раим мындан 20 жыл алдын эле Исмаил Ата Фондун түзүп, ошол фондду башкарып келген жалгыз кыргыз улутундагы адам. Кыргызстандагы башка фонддорду түрктөр, арабтар ж.б.улуттун адамдары башкарышат.
Раим фонд ачылганына жыйырма жыл болсо, жыйырма жылдан бери элге кайрымдуулук көрсөтүп келет. Андан тышкары, биз билбеген өздөрүнүн ар кандай бизнестери бар экени турган сөз, себеби акча акчаны тартат. Карыз карызды тартат, ошон үчүн Атамбаев карыз алыштан коркпой, кыргыз элин карызга батырып, мына азырга чейин үстүнө кошулса кошулуп жатат, бирок азайган жок. Ошонун сыңарындай, Раим 20 жылдан бери, так айтканда таможняга ишке киргенче эле жакшы жагынан элдин оозуна алынып калган бай болчу. Албетте, элге дайыма жакшылыгы тийип турган байды ким эле жаман десин. Атамбаевдин таможнясына жумушка илинген күнгө чейин, так айтканда таможнядан бошонгон күнгө чейин Раим эл сыйлаган жигит болгон(азыр деле ошондой).
Кара Суу районунун 14 айылына 14 спорт комплекс куруп берген. Бул деген Раимдин өсүп жаткан жаштардын келечеги үчүн кам көргөнү болуп эсептелет. Таможняда төрт жыл Кулматовдун жардамчысы болуп иштеп койгон экен, мына эми Бажыдагы баардык кесепеттерге Раим күнөөлүү. Менин болжолумда, Раимди азыр деле таможняда жүрүп жаткан былыктарга күнөөлүү көрсөткүлөрү келишет. Кызмат тийбей калгандары, заказ аткарган журналистери, өлкөдө аферистик кылып, иштери суракка өтүп, өздөрү качып сыртта жүргөндөрү, шайлоодон жеңилип бара жатканы, шайлоодо эч партияга кире албай сыртта калганы, койчу а түгүл койнундагы аялы быйыл туубай кысыр калса да Раимден көрө турган өнөр таап алышты. Кыргызстанда коррупция гүлдөп, жашообуздун кадимки эле адатына айланып калганына, мына отуз жыл болуп калды. А Раим Бажыда 2013-2017 жылдары жардамчы болуп иштеди.
2017-жылдан бери эч кызматта жок, өз ишин кылып жүрөт. Жөн жүргөн жок Исмаил Ата фондунун ишин кеңейтип, сырттан ар кандай жардамдарды алып келип, элдин камын көрүп жүрөт. Ал эми ичи кара макоолор, как будто Раим өкмөттү башкарып, бюджетти курутуп жеп жаткандай сүйлөшөт. Өкмөттү жеп, каалагандай калчап, бажасын, бажасынын баласын, кайнежесин кутурткан, коронавирус убагында былк этпей тылтыйып олтуруп, адамдардын кырылышына алып келген Абылгазиев жөнүндө айтышпайт. Раим төрт ай тыным жок элдин жүгүн көтөрүп, эч ким кыла албаган иштерди жасады: таркаткан продукталарын айтпай эле коеюн, маска, экспресс-тестер, дем алдыруучу аппараттар, рентгенге түшүрүүчү аппараттар, заманбап тез жардам машиналарын бүт фондун эсебинен сатып берди. Өлкөнүн түштүгүндө, түндүгүндө-эки жерде ошол рентген аппараттарга түшүүнү бекер кылып койду. Ошол эле убакта менчик мед.учреждениелерде ошондой эле рентгенге түшүү 1000-1500 болуп жатты. Раимдей эле байлар дефицит дары дармектери бар складдарын бекитишип, дарыларын кымбат сатып жатышты. Жок, бул мраздар аларды көрүшпөйт, уккулары да келишпейт, тескерисинче баягы эле Раим жаман болуп жатты. Эмне, Раим төрт жыл таможняда иштеп койгону үчүн Кыргызстан оңолбой жатабы? Ошон үчүн эл мигрант болуп сыртка чыгып кеттиби? Раим отуз жылдан бери бир созывда депутат болуп олтурбаса, бийлик кызматтарында турбаса, өкмөт болуп аткаруу бийлигин башкарбаса, президент болуп ТЭЦ, музейлерди уурдабаса, эмне үчүн Раимди жамандайбыз?
Раим азыркы парламенттик жолго да аттанган жок. Ал акесин сыйлап, өзүн койгон жок. Барса жарашат эле, себеби Раимде уюштуруучулук касиет, ар бир шарттан жол таап чыгып кеткен алдын ала көрөгөчтүк, эң башкысы элди ойлогон боорукерлик бар экен. Раимде башкаларда жок тарбия, баардык нерсени ичине жуткан сабырдуулук, адамдык сапат бийик экен. Эгер Абылгазиевдин ордунда Раим болгондо, бизде өткөндөгүдөй өлүм, кыйынчылыктар болбойт эле. Бул турган сөз. Өмүрүндө бир адамдын жерден оорун көтөрүшүп койбогон тарбиясыз мраздардан баштап, түштүк элинен чыккан күчттүү лидерлерди, билимдүү саясатчыларды, Раимдей кайрымдуу байларды көрө албаган эл бузар трайбалист акмактар өлкөдө аябай көбөйүп кетиптир. Бул эки буттуу айбандардын максаты боюнча, Раим камалып кетсе эле, төрт тарабы гүлбакчага айланып, көктөн издегени жерден табылгансып, эч жерде жок жыргал жашоодо жашап калышкандай элестетишет окшойт.
Баардык кесел алардын канына сиңип калган түштүк, түндүк деген бөлүнүүдө турганын сезип да коюшпайт. Мына эми дагы бир бузакы макоо жазып чыгыптыр: Раимдин менчик депутаттары бар" деп. Бар болсо бар. Башкалар түзгөн партияны Раим түзсө жарашпайбы? Башкалар деле акча чыгаша кылып партиясын каржылап жатат. Раим партиясын каржыласа болбойбу? Сен ыплас арамкорлордун эмнеңер кетип жатат?
Раим сенин чөнтөгүңө колун салып жатабы? Раим сенин, ансыз деле жыртылып калган бюджетиңден акча сурап жатабы?
Бирөөнүн акчасын аңдып, эшекчесинен эсептегич болбой, өзүң иштеп тап, фонд түз, ар жактан акча таап кел, элге чач, кызмат кыл. Сен тварды да мактайлы. Эй ичи тар макоолор, азыртан эле даярданып тургула. Алдыда Раимдин абдан чоң ийгиликтеринин күбөсү болосуңар, Кудай буюрса Раимдин атын жакшы жактан көп угасыңар, "Раимдей болсок кана" деп аваз кыласыңар. Ошондой күндөр келгенде, кара ниеттик кеселиңер кармап, бөөдө арам өлүп кетпеш үчүн, азыртан өзүңөрдү ошол алдыдагы жакшы күндөргө даярдай бергиле. Бирөөнү көрө албай жүрүп, өзүңөр да жарыбай өтүп кетишиңерди унутпагыла. Раимдин богун жебей, өз тирилигиңерди кылгыла.
АША жаман деген адамды, каракуш мээсинен айрылган бейлимчил жиндилерге окшоп жаман дей бергениңерди токтоткула. Акыйкат сүйлөп, жакшыны мактап, жаманды ордун көрсөтө боктоп үйрөнгүлөчү.
Булак: NazarNews.kg