www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Матрезерв коронавирустан коргогон дарынын 29 түрүн сатып алды

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду коронавирус оорусунан коргогон дарынын 29 түрүн сатып алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда дары-дармектердин 70 пайызга жакыны фонддун кампаларына алып келинген. Калган 30 пайызы жакынкы аралыкта Беларусь, Индия, Россия жана Украинадан жеткирилмекчи.

Белгилей кетсек, сатып алуу эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу калкты керектүү дары-дармек менен камсыздоо жана COVID-19дун экинчи толкунуна даярдануу максатында жүргүзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости