www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа Биримдиги эми сөз эркиндигин жана демократияны өнүктүрүүнү жасалма түрдө да көрсөтпөй калды. Ал жакта саясий атаандаштарды жок кылуу практикасы күч алып, "21-кылымдын орто кылымы" орноду. Бул тууралуу Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко билдирди.
"Алар эми сөз эркиндигин же демократиялык институттарды өнүктүрүүнү да жасалма түрдө көрсөтүшпөйт. Ар бир кылымдын өзүнүн орто кылымы бар деп коюшат. Бул – 21-кылымдын орто кылымы. Мисалы, Францияда эң көп элдик колдоого ээ болгон саясий атаандашын – Марин Ле Пен айымды шайлоого катыштырбоо үчүн атайын кылмыш ишин козгошту", – деди ал журналисттерге.
Матвиенко Молдова бийлигинин саясий куугунтук жүргүзүп жатканын да сындап, президент Майя Сандунун "колониялык режими" бийликке ыңгайсыз саясатчыларга басым жасап жатканын белгиледи. Анын айтымында, Гагаузиянын башчысы Евгения Гуцулга карата козголгон кылмыш иши да буга мисал боло алат.
"Эң негизгиси – Европада өз ой-пикириңди эркин билдирүү мүмкүн эмес. Ал эми билдирсең да, аны эч ким укпайт. Евробиримдикте толук диктатура орногонун көрүп турабыз", – деп кошумчалады саясатчы.