www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү тарыхчы, Табылды Акеров жакында эле "Кыргызы из скифии Канха и Кангорай кыргызские владения великой Турании" деген аталышта эки томдук китеби жарык көрдү. Аталган китеп тууралуу Акеровдун пикрин алдык. 

— Саламатсызбы агай, жакында эле эки томдук тарых тууралуу китебиңиз жарык көрдү, китепте жазылган өзгөчө темаларга кыска-нуска токтоло кетсеңиз.

Мен дайыма жаны китебим чыкканда Бишкектин борбордук китепканаларына (УИАсынын китепканасы, Алыкул Основ атындагы китепкана, КМУУ китепканасы) 5-10 экзеплярдан белекке берчү элем. Бул жолу да ошол традицияны улантууну чечип, алды менен Ж. Баласагын атындагы КМУУ китепканасынан баштоону туура таптым.

Кечээ жакында, окуу жайдын китепканасына келип, 2 китеп белеке бердим. Китеп 2 том болгондуктан коп которуп келе алган жокмун. Бирок, жоктон көрө жогору деп, 2 китеп калтырып кеттим. Эмки келгенде да, дагы ала келип, тапшырам. 

Мен Ж. Баласагын атындагы КМУУ тарых факультетин бүтүргөм. Улуттук университетте 5 жыл билим алып, тарыхчы жана коом тануу боюнча окутуучу дипломуна ээ болгом. Албетте, атамекендик алдыңкы окуу жайдын дипломуна ээ болуу мен үчүн чоң сыймык эле. Мен, бүгүн бизге мыкты билим беришкен биздин сүйүктүү мугалимдерибиз, биринчи кезекте тарых факультетинин деканы М. М. Мамаев, менин илимий жетекчим Т. Д. Джуманалиев, О. Дж. Осмонов, А. О. Ормушев, А. М. Мокеев, Т. К. Чоротегин, А. А. Асанканов, Ч. Дж. Джакыпова, В. Д. Горячева, Е. Н. Каблуков, Б. Б. Акмолдоева, К. Молдокасымов ж. б. чоң ыраазычылык билдирем.  

Менин  «Кыргызы из Скифии…» эмгегим буга чейинки жарык көргөн «Кыргызы-усуни. Кыргызы на просторах Евразии» ж. б. илимий монографияларымдын уландысы болуп эсептелет. «Кыргызы из Скифии…» китебимде мен коло доорунан тартып 16-кылымга чейинки кыргыз элинин тарыхын (миграциялык жана этникалык аспектиде) изилдеп, анализдеп чыгууга аракет кылдым. Көптөгөн аракеттердин негизинде кыргыздардын ата-бабаларынын эрте көчмөндөр катары таанылган байыркы скифтер, тиграхауд сактары, асии (усуньдар), тохарлар (юэчжилер), аримаспейлер менен байланышын ачып, ажыратып бере алдык. Геродот эскерген ариспей уруусунун атын рун жазмаларында кездешкен йирим аз уруусунун аты менен салыштырып, буларды аз уруусу катары таанууга мүмкүнчүлүк алдык. Аздар Енисей кыргыздарынын тобол уруусу болгон. Барсбек каганаздардан чыкканы жалпыңыздарга белгилүү.

Геродоттун (б.з.ч. 5 -к.) аримаспейлерин йирим аз же аз уруусу катары таанунунун негизинде тагар маданиятынын (б.з.ч. 8-3кк.) алып журуучулору кыргыздар болгон деген окумуштуулардын пикирин дагы бир эсе бышыктоого мүмкүндүк алдык. Б.а. тагарлар-цзянькуньдар же Енисей кыргыздары болгон деген пикирди тастыктадык.

Ошо менен бирге жаңы аргументтердин жана фактылардын негизинде ата-бала Л. Р. Кызласов жана И. Р. Кызласовдордун Минисун ойдунун жердегин байыркы хакастар тууралуу жалган теориясын жокко чыгарууга жетиштик. Б.а. биздин изилдөөлөр окумуштулардын буга чейинки асии жана тохарлар Минисундун байыркы жана негизги тургандары болгон деген пикирлеринин туура экендигин айгинеледи десек жанылбайм. Монографияда скифтердин асии жана аримаспеи рун жазууларындагы дайыма кыргыздар менен бирге эскерилген йирим аздардын (аздандын) ата-бабалары  катары каралууда.  

Илимий эмгекте сиздер жогоруда айтылгандан башка да автордун «кыргыз этнониминин этимологиясына, кыргыз элинин келип чыгыш тарыхына, этногенезине, тюргеш жана караханилердин аристократиялык кландарынын, Чыңгыз хандын тегине байланыштуу бышыктоо үчүн колдонулган аргументтерине, фактыларына өтө кызыктуу илимий божомолдоруна, анализдерине жана ачылыштарына күбө боло аласыздар, - деди Акеров.

Последние новости