www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды мурдагы президент Жо Байдендин согушу деп атап, ал көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн бул согушту токтотууга аракет кылып жатканын билдирди.
"Бул — Байдендин согушу. Бул менин согушум эмес. Бул согуш Байден учурунда башталган... Мен жөн гана аны токтотууга аракет кылып жатам, анткени биз көптөгөн жандарды сактап кала алабыз", — деп билдирди Трамп Ак үйдүн журналисттерине.
Буга чейин Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуудагы өнүгүүлөр тууралуу пикирин билдирип, анын баамында, баары жакшы тарапка карай баратканын айткан. Ал жакын арада бул маселе боюнча жаңы кабарлар болорун да кошумчалаган.
Жума күнү Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф үчүнчү жолу Россияга келген. Ал Санкт-Петербургдагы Президенттик китепканада президент Владимир Путин менен жолугушкан. Жолугушуу 4,5 саатка созулган. Кремль сайтында билдирилгендей, сүйлөшүүнүн негизги темасы — Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу болгон. Ошол эле учурда президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Уиткоффтун сапарынан чоң жыйынтыктарды күтпөөгө чакырды.