www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы менен жолугушууга 40 өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган.
Жарандык сектор өкүлдөрү менен Мамлекет башчысынын диалогунун алкагында мамлекеттин турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болуп өттү. Жыйындын катышуучуларынын бири Мавлян Аскарбеков өзүнүн пикирин төмөнкүчө билдирди.
--Президент жана жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушту позитивдүү, конструктивдүү шартта өттү. Президент мамлекет, эл үчүн чындап күйүп, коррупцияны жоюну, өзгөртүүнү, реформаны, өнүгүүнү көздөп жатканын байкадым. Бул дем менен дагы бир далай ууру, коррупционерлер камалары шексиз. Бизди да көмөктөшүүгө чакырды, - деди Мавлян Аскарбеков.
Булак: NazarNews.kg