www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эң төмөн педагогикалык университеттерде, эптеп акча менен бүткөндөр бүгүн директор, мугалим болуп иштеп жатышат», - деди бүгүн, 30-майда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Мавлян Аскарбеков.

- Мавлян мырза, эмнегедир мугалим менен окуучулардын ортосундагы пикир келишпестиктер ачыкка чыгып, талкуу болгон учурлар көбөйдү. Чырдашкан маселелер эки тарап тил табышып калса эле эпке келип калабы? 

- Мен президент болсом биринчи эле ишти билим берүү жаатында реформа менен баштамакмын. Бала бакча имараттарында жайгашкан сот, прокуратура жана башка тармактын өкүлдөрүн кууп чыгып, жетпеген жерлерге имарат салдырып, жаңы методика менен балдарды тарбиялай баштамакмын.

Мектептерди менчиктеп алган, 20-30 жылдан бери түшпөй, аялы, балдары менен башкарып жаткан директорлордун баарын кууп, камап, жаңы көз караштагы директорлорду, мугалимдерди алып келмекмин.

Ал эми мамлекеттик ЖОЖдордогу ректорлордун баарын алып, өнүккөн өлкөлөрдөн менеджерлерди алып келет элем. Мугалимдерге шек келтиргим келбейт, бирок көбүнесе, эң төмөн педагогикалык университеттерде, эптеп акча менен бүткөндөр бүгүн директор, мугалим.

Болбогон айлыкка, айла жок айылда калгандар иштеп жүрүшкөнү белгилүү. Мугалим менен кыздын чыры билим берүү системасынын талкаланганынын жыйынтыгы, алардын чыры эмес, себептери менен иштөө зарыл. Орусча причина и следствие.

- Эмнегедир пионерлер күнүн белгилегендер да коомчулуктун сынына кабылды. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Алдыга жылууда дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуунун ордуна, кече Лениндин бюстун коюп, жаштарды өткөн пионердик идеология менен талкалап жатышат. Аксакалдар, эжелерге айтсаң жаман көрүшөт, бүтүндөй мамлекетти, бир топ муунду талкалап, «гастарбайтерге» айладырышса да, өздөрүн акылдуу, кыйын сезишет, сунуш, пикирди эске да алышпай жаткандар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости