www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Ормоновдун миллиондору же күмөндүү мүлктөр

"Алдаба-не ври" журналисттер кыймылы Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынын депутаты Улугбек Ормоновдун байлыгы, анын мамлекеттик ишканадан менчиктеп алган мүлктөрү тууралуу журналистик иликтөөсүн жарыялады. Материалга көңүлүңүздү бурабыз! 

Алдыда мамлекеттик “Дастан” ишканасынын бир бурчу депутат Улугбек Ормоновго кантип өтүп кеткенин жана анын сырдуу бизнеси менен саясаттагы карьералык тепкичин чечмелейбиз.

Негизинен, Улугбек Ормоновдун ити Дастан ишканасында жетекчилик кызматтарда иштей баштагандан тартып чөп жей баштаган.

Ал "Дастан" ишканасында жетекчи кызматта туруп, ишкананын майлуу жеринен эки обьект өзүнө менчиктештирген.

Андан соң, өзүнүн жана туугандарынын атына түрдүү ишканалар катталып, кичи мекени Өзгөндө бизнесинин казаны кайнай баштайт.

"Дастан" ишканасынан түз эле ак үйгө аттанып, Жогорку Кеңеште Бакиевтердин “Ак Жол” фракциясынын лидерлигине чейин жеткен. 2015-жылы “Бир Бол” партиясынан депутаттык креслого ээ болгон.

Бирок Бакиевтердин заманын көпкө чейин унута албай, 2017-жылы Жогорку Кеңештин жыйынында, илгерки “Ак жол” фракциясын жаңылышып айтып, күлкүгө калган. Ормоноувдун "эл дайым добушун сатат, аны сатып алууга болот" деген сөзү бүгүнкү күнгө чейин эл оозунда. 

Бүгүнкү күндө, ал бийликчил деп аталып жүргөн “Ишеним” партиясынан депутат.

Эми бир четинен: 

2004-жылы Улугбек Ормонов “Дастан” ишканасында коммерциялык директорлук кызматта турганда, ишканага таандык болгон Байтик баатыр 36 а дарегиндеги обьектти сатып алганы көрсөтүлгөн. Анда 3 сотыктан ашык жер, кафе, үстү жабык короосу менен болгону 123 899 сомго бааланган. 

Мындан тышкары, "Дастан" ишканасынын башкармалыгы 2003-жылдын 24-сентябрында, ишкананын 8 сотык жери менен дүкөнүн Ормоновго сатуу жөнүндө чечим кабыл алган. Ормонов өзү иштеген мамлекеттик ишкананы кеңейткендин ордуна кемиткендиги мунун менен чектелбейт. 

Ал 1997-жылдан тартып “Дастанда” 9 жыл бою жалаң чечүүчү кызматтарда иштеген соң, 2005-жылы ак үйгө аттанып депутаттык креслого олтурган. Бирок эки жылдан соң кайра "Дастан" ишканасына директор болуп келген.

Анын “Дастанга” кайтышы дароо жаңжал менен коштолуп, 500 жумушчу, директорлор кеңеши жана башкармалык ортосунда талаш жаралганын басылмалар жазып чыккан. Улугбек Ормонов келээри менен ишкананын акцияларын сатуу маселеси байма-бай көтөрүлүп турган.

Бирок Ормонов бул кызматта эки ай гана иштеген соң, 2007-жылы Бакиевтердин “Ак Жол” партиясы менен депутат болуп кайра ак үйгө барат. Бир жыл өтпөй Дастан ишкасынын 36 а дарегиндеги обьектинин дагы бир бөлүгүн сатып алганы белгилүү болду. Документтерде 5 сотыктан ашык жер 1 710 000 сомго бааланган. 

Ошентип Ормонов "Дастанда" жетекчилик кызматтарда иштеп кеткен соң, саясатта таштаган кадамы арбып, бизнестери жөнүндө маалыматтар чыга баштайт, ага дагы алдыда токтолобуз. 

Ал эми “Дастан” заводу бул жылдарда оор сыноолорду башынан өткөрүп, карызга батып, жок болуп кетүү коркунучуна чейин жеткен. 

“Дастан” совет доорунан калган ири заводдордун бири. Мында негизинен аскердик жана башка атайы багыттагы жабдуулар чыгарылып, Орусия, Индия өңдүү державаларга экспорттолот. 

Мына ушундай каржылык чама-чаркы чоң ишканада Улугбек Оромонов 10 жылдай каржы,экономика, коммерция тармактарын тейлеген.

Эми Ормоновдун өзүнө жана жакын туугандарына таандык мүлктөрдү тизмектейли. Анын 2020-жылдагы декларакциясында бир жылдык кирешеси 66 млн сом деп көрсөтүлүп, лексус 570 үлгүсүндөгү жол тандабас, 32 га жери жана миллион сомдон ашык суммада мал жандыктары бар экени, ошондой эле "Кара-Шоро" ресторанына ээлик кылаары көрсөтүлгөн. 

"Кара-Шоро" рестораны жөн гана тамактануучу жай десеңиз жаңылышасыз. Өзгөндүн борбордук базарындагы майлуу сүттүү жерден орун алган соода борбор.

Имараттын экинчи кабаты тойкана, сулуулук салондор, той көйнөктөрүн сатуучу дүкөн, астында стамотология, ашкана, чачтарачкана, беш дүкөн, 6 бут кийим оңдоочу жай иштеп жатат.

Имараттын артында, агроветаптека, унаа токтотуучу жай жана “Зулпукар ата” ашканасы жайгашкан. Айтор Өзгөндүн борбордук базарынын эң кирешелүү жериндеги Кара-Шоро ресторанынын тегерек чети толук бойдон Ормоновтордун бизнеси.

Имараттын кире беришинде Улугбек Ормоновдун шайлоо учурандагы сүрөттөрүн, кеңседе анын жакын тууганы администратор экенин көрүүгө болот.

Айтор бул жай Ормовтордун көп жылдан берки ордосу. Ачык булактарда Улугбек Ормоновдун “Карабагыш” коомдук бирикмесине, “Айсейит” жоопкерчилиги чектелген коомуна ээлик кылаары көрсөтүлгөн. Эки уюм тең "Кара-Шоро" ресторанынын дарегине катталган. 

Тууганы Ормонова Кыздархан Зулпукаровнага “Жазы-Кенч” “Зулпкукор” “Айсейит Юг” аттуу үч ишкана каталган. Юстиция министрлигинин сайтында “Жазы-Кенч” кредиттик союзу 2005-жылы катталып, Өзгөндүн Кошиев 7 дареги, азыркы Кара-Шоро рестораны турган жер көрсөтүлгөн. “Жазы-Кенч” кредит берүү менен алектенээри жазылган. 

 “Зулпкукор” Жоопкерчилиги чектелген коому да 2005-жылы каттоодон өткөн. Өзгөндүн Кошиев 9 дарегиндеги бул ишкана жумушка орноштуруу боюнча ишмердүүлүк кылаары көрсөтүлгөн. Ал эми “Айсейит Юг” коомдук кайрымдуулук фонду 2005-жылы каттоодон өткөн.

Айтор 2005-жыл Улугбек Ормонов жана анын туугандары үчүн жемиштүү жылдардан болгон. Бул жылы “Дастан” ишканасынан депутаттыкка секирик жасаган.

Анын өзүнө жана туугандарына катталган ишканалардын дээрлик баары, 2005-жылдан бери карай пайда боло баштаган. Өзгөндө Улукбек Ормоновго нааразы болгондор көп. Көпчүлүк ачык айткысы келбеген менен бул жаран анын тойканасын тартып жатканыбызда келип арыз-муңун айтууга жетишти.  

Эми Өзгөндөн Ошко өтөлү. Ошто Улугбек Ормоновдун уулу, Ормонов Абды Улугбековичтин "Ак-Илбирс секьюрити" аттуу күзөт кызматы бар. Юстиция министрлигинин сайтында аталган мекеме 2017-жылы түзүлүп, кайтаруу кызматын көрсөтөөрү жазылган. Оштун Исанов 26 дарегине катталган бул күзөт кызматына Ормонов Абды Улугбековичтин жетекчилик кылаары көрүнүп турат. 

Улугбек Ормоновдун Оштогу 14 млн сомго бааланган чуулгандуу мүлкү тууралуу журналист Ыдырыс Исаков “Оюп алган Ормонов, оозун ачкан Ош мэрия” деп аталган берүүсүндө кенен кеп кылган. 2022-жылдын февраль айында чыккан берүүдө Исаков Ошто Ормоновдун амалкөйлүгүнөн үйсүз калган жарандардын окуясын ачыктаган.

Анда 15 батирлүү эски үйдү көпүрө куруу үчүн мэрия 14 миллион сомго сатып алганы, акчаны болсо имараттын ээси катары Улугбек Ормонов алганы айтылат. Бирок бул үйдө батири бар дагы үч адам бузулган үйү үчүн акча албай калган.

Иликтөөдө Ормонов аталган даректеги 12 батир жана 642 чарчы метр жерди 2002-жылы сатып алганы белгилүү болгон. Айтмакчы, ал жылдарда Оромонов "Дастан” ишканасында, башкы директордун экономика боюнча орун басары болчу. Маалымат каражаттарында Улугбек Ормоновдун байлыгы тууралуу маалымат мунун менен чектелбейт.

2017-жылы "Тазабек" сайты Кыргызстандагы эң бай адамдардын тизмесин түзгөн. Анда Улугбек Ормонов эң капчыктуу делген 100 адамдын катарына кирген. "Вечерний Бишкек" сайты 2016-жылы чыгарган макаласында Улугбек Ормоновдун байлыгы 20 млн доллар экенин жазган жана төмөнкү мүлктөрдү көрсөткөн. 

Анда, Ош шаарынын Навои көчөсүндө №15 үйдөгү 12,14 батирлер. Ушул эле көчөдөгу соода комплекс жазылган. Бул Ыдырыс Исаков чыгарган иликтөөдөгү даректер. Ормонов азыр аны сатып жибергенин эске салалы.

Мындан тышкары, Бишкектин Тыныстанов көчөсү №20 үйдүн 35-баатири жазылган. Улугбек Ормоновдун "Дастан" заводунан обьектилерди сатып алгандыгын көрсөткөн документте анын жашаган жери катары дал ушул дарек көрсөтүлгөн.

Ал эми Улугбек Ормоновдун жубайына Байтик Баатыр көчөсү №9 үйдүн 16-батири жазылган. Ушул эле даректе дүкөн, Бишкекте Кокандская 26 да үй, ал эми уулу Абды Ормоновго Ош шаарынын Исанов көчөсү 26 дарегиндеги үй жазылган.

Бул дагы жогоруда сөз болгон “Ак Илбирс секюрити” ишканасы катталган дарек менен дал келет. Мындан тышкары Оштун Исанов 26,125, 64, 65, 66 даректери катталган. 

Ал эми Ормоновдун кичүү уулуна Чүйдүн Ибраимов 36 дареги боюнча дүкөн жана Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой аймагынан жер тилке катталганын "Вечерний Бишкек” жазган.

Дастан ишканасын жетектеп туруп, мүлктөрдү өзүнө өткөрүү, сатуу фактысы буга чейин да катталган. Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов да «Дастан» ишканасын жетектеп турганда каражатты коромжу кылганы, стратегиялык объектиге кирген жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген. Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылында хан сарай салып алган 2,7 гектар “ТНК Дастандан” мыйзамсыз алынган жерине байланыштуу. Бул фактылар боюнча Башкы прокуратура “Кылмышка аралашуу” жана “Коррупция” беренелери боюнча иш козгогон. Бирок Ормоновдун учурунда алынган мындай обьектилер боюнча материалдардын иликтенгени тууралуу бир да маалымат жок. 

Биз Улугбек Ормоновдун мамлекеттик "Дастан" ишканасын башкарып турганда, анын мүлкүн менчиктештиргенин көрсөткөн документтерди, анын ошол учурдагы күмөндүү кирешелерин тиешелүү органдар текшерип чыгып, укуктук баа бериши керек деп эсептейбиз.

Последние новости