www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-январь күнү саат 15:00дө Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин пленардык жыйыны өтөт. Бул тууралуу Kazinform агенттигинин кабарчысы маалымдады.
Депутаттар 2003-жылдын 25-декабрында түзүлгөн Казакстан жана Кыргызстан өкмөттөрүнүн ортосундагы мамлекеттик чек арадан өтүүчү пункттар жөнүндө Макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо долбоорун, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация жөнүндө Конвенциянын 50-а) жана 56-беренелерине өзгөртүүлөрдү камтыган протоколдорду карашат.
Эске салсак, буга чейин Мажилис 2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө Келишимди ратификациялаган.
Бул Келишимдин максаты — казак-кыргыз кызматташтыгын комплекстүү өнүктүрүүгө кошумча түрткү берүү болуп саналат.
Документ саясий, аскердик, соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, билим берүү, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүнү жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү комплекстүү өнүктүрүүнү карайт.