www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган Газадагы «Тынчтык кеңеши» демилгесине кошулбай турганын билдирди. Бул тууралуу The Financial Times басылмасы маалымдады.
Британ расмий өкүлдөрүнүн айтымында, мүчөлүк үчүн 1 миллиард доллар талап кылган жана курамында Россиянын президенти Владимир Путин бар түзүмгө кошулуу максатка ылайык эмес деп эсептелет.
Маалыматка караганда, АКШ менен Улуу Британиянын ортосундагы мамилелер чыңалган маалда Трамптын Чагос аралдарын Маврикийге кайтаруу чечимин Лондондун “алсыздыгы” деп баалашы британ тараптын нааразычылыгын жараткан. Белгилей кетсек, Чагос аралдарында АКШ менен Британиянын биргелешкен аскердик аба базасы жайгашкан.
Кир Стармер бул аптада союздаштар менен «Тынчтык кеңешинин» шарттарын талкуулаганын айткан. Бирок өкмөткө жакын булактар анын мындай түзүмгө кошулуусу реалдуу эмес экенин белгилешет.