www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

МЧК: Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат

Мамлекеттик чек арада абал туруктуу жана чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү Кыргыз Республикасынын Чүй тилкеси боюнча чек ара өкүлчүлүгүнүн Казакстан Республикасынын Кордай тилкеси боюнча чек ара өкүлчүлүгү менен жолугушуусу өтүп, анын жүрүшүндө мамлекеттик чек араны жана анын режимин бузууга жол бербөө маселеси талкууга алынып, мамлекеттик чек арада кырдаал курчуп кеткен учурда өз ара аракеттешүү планын, ошондой эле кыргыз-казак чек ара тилкесинде биргелешкен кайгуул жүргүзүү планын такташты. Маалымат алмашуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындай жолугушуулар мамлекеттик чек аранын бардык тилкелеринде өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлчүлүктөрү коңшулаш мамлекеттердин чек ара өкүлчүлүк аппараттары менен ар дайым өз ара аракетте.

Учурда КР МЧКнын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда. Ошону менен бирге COVID-19 жагдайы боюнча эпидемиологиялык абалы туруктуу мамлекеттердин тизмесине кирген мамлекеттердин жарандары мамлекеттик чек араны кесип өткөнгө чейин 72 саат мурун тапшырган ПЦР-анализи коронавируска терс жыйынтыгын көрсөткөн маалымкаты болсо ммлекеттик чек араны эч кандай тоскоолдуксуз кесип өтө алышат.

Карантиндик иш-чараларды жана дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөлөргө чыгуу алдында ал мамлекеттерде киргизилген чектөөлөр менен таанышуулары зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости