www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жарандарынын паспортторунда кайрадан “улуту” деген графа кайрадан киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда КР премьер-министри Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

--“Бүгүнтөн баштап “улуту” деген графа кирип жатат. Мен бул маселени эки күндүн ичинде чечтим. Эми ким кааласа паспортко улутун жаздырса болот,  каалабаса жаздырбай ала берсе болот. Бирок, эртеңден баштап берилбейт, анткени Мамлекеттик каттоо кызматы техникалык себептерден улам 60-90 күн убакыт сурады. 90 күндөн кийин жаңы паспортторду бере байташбыз деди”, – деди Садыр Жапаров.

Эске сала кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маалында паспорттун улуту - кыргыз деген графа алынып салынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости