www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык сотунда И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын аппарат жетвкчиси Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча анын жакындарынын аппеляциялык арызы улам артка жылдырылып, каралбай келе жатат.
Иштин чоо-жайын эске салабыз: Медакадемиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров 2016-жылдын 25-февралында өзүнүн кабинетинде МУККнын Антикоррупциялык кызматынын өкүлдөрүнүн оперативдик иш-чарасынын мезгилинде каза тапкан.
Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына караштуу антикоррупциялык кызматтын (мындан ары - АКС) адамдары ошол күнү
Медакадемияга барышып, А.Гапаровго карата оперативдик иш-чара өткөзүшкөн.
Расмий версия боюнча, маркум Медакадемиянын аймагына күркө коюп берүү үчүн кызыкдар жарандан 30 миң сом пара талап кылган жана алып жаткан жеринен кармалган.
Бирок, Медакадемиянын ошол кездеги жетекчилиги да, маркумдун туугандары да бул версияны дароо эле четке кагышкан. Буга чейин - Октябрь райондук соту Абдыкерим Гапаровду кыйнаган 12 адамдын ичинен үчөөсү: Замир Суваналиевге 5, Алмаз Мусаев менен Чынгыз Айманбаевге 3 жылдан абакка кесүүнү талап кылганына карабастан (чынында бул да өтө эле жеңил жаза экени белгилүү да, адам өлүмү тоок уурдоо эмес да), судья Кымбат Архарова алардын баарын "далилдин жетишсиздигине" таянып, актап жиберген.
Дагы бир штрихти кайрадан эске сала кетели - Абдыкерим Гапаровдун үстүнөн арызды 1987-жылы туулган Бишкек шаарынын мурдагы жашоочусу Ипифанов Вячеслав Игоревич жазганы айтылып келет.
Бирок, бул жаран 2010-жылы эле Орусияга чыгып кеткен. Ошол жакта жашайт. Абдыкерим Гапаровго карата козголгон иште "Ипифанов жеке ишкердик кылуу үчүн жер сурап кайрылганда, андан пара талап кылган" деп бадырайта жазылуу турат. Бирок, Медакадемиянын расмий жообуна караганда, Ипифанов аларга эч качан жеке ишкердик кылуу үчүн окуу жайдын тегерегинен жер сурап кайрылган эмес.
Жакында эле УКМКнын Антикоррупциялык кызматына Сагынбек Исмаилов жетекчи болуп келген. Президент коррупцияга каршы күрөшпөй эле, коррупционерлердин "чайын ичкен" органга айланган АКСти репутациясы бузук кызматкерлерден тазалоо милдетин жүктөдү эле. Бирок, Сагынбек келгени тескерисинче, ошондой кадрлардын багы ачылып жатпайбы. Ошол эле Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча жоопкерчиликке тартылышы керек болгон Каныбек Досмамбетов менен Эльдар Жакыпбековдун - АКСтин борбордук аппаратында бөлүм жетекчилери, Алмаз Мусаевдин АКСтин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы болуп кызматынан "секиргенин" кандайча түшүнсөк болот? Мындай кадрлар менен президенттин коррупцияга каршы күрөшү ара жолдо калаарына бөркүңүздөй ишене берсеңиз болот. Ошондо Сагынбек Исмаиловдун максаты эмнеде? Деги Соке келгени кадр тандоодо көп алешемдиктерге жол берилип келе жатканы азыр болбосо да, кийин кесепетин тийгизерин бийлик башындагылар билеби? Адамды өлүмгө кириптер кылганы айтылып жаткан адамдар жазалангаңдын ордуна кызматтан көтөрүлүп жатса, кайдагы адилеттүүлүк жөнүндө сөз болсун!
Аэлита САТЫНДИЕВА
Булак: Майдан кж