www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Монголиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Элчиси Демчиг Тегшжаргалдан ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, М.Абакиров Элчини бул жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага бул жооптуу кызматта ийгилик каалады, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы достук мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Өз кезегинде Монголиянын Элчиси Д.Тегшжаргал жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө кыргыз-монгол мамилелерин андан ары чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганына ишендирди.