www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинде Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүм башчылары Динара Курманалиеваны жана Жолдошбек Казаковду ардактуу эс алууга узатуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, бөлүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле өздүк курам катышты. 

Динара Курманалиева ички иштер органдарында 25 жылдан ашык, ал эми Жолдошбек Казаков дээрлик 30 жыл кызмат өтөгөн. Кызмат учурунда алар өздөрүн жоопкерчиликтүү, принциптүү жана кесипкөй жетекчилер катары көрсөтүп, ИИМ системасынын ишине олуттуу салым кошушкан.

«Ички иштер органдарындагы көп жылдык жолуңуздар – бул антка берилгендиктин, жоопкерчиликтин жана мамлекетке ак ниет кызмат кылуунун үлгүсү. Ар бириңиздердин артыңыздарда тынымсыз эмгек жылдары, чоң тажрыйба жана кесиптештердин урматтоосу турат. ИИМдин жетекчилигинин атынан ИИОнун өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем жана бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм», - деп белгиледи өз сөзүндө Адылбек Бийбосунов. 

Салтанаттуу иш-чарада кесиптештерге эстеликке белектер тапшырылып, жылуу ыраазычылык сөздөр жана каалоо тилектер айтылып, жашоонун жаңы этабында ийгиликтер кааланды. 

Последние новости