www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн күндүн ысык мезгилинде галстук жана костюмсуз иштөөгө уруксат берген токтом чыгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Бул чечим, биринчиден, кызматкерлер үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылууга, экинчиден, электр энергиясын үнөмдөөгө багытталган.
Анткени костюм жана галстук менен ысыган кызматкерлер иш бөлмөлөрүндөгү кондиционерлерди максималдуу деңгээлде иштеткен учурлар кездешет. Бирок бул мамлекеттик кызматкерлерге кондиционерди иштетүүгө тыюу салууну билдирбейт.
Ошондой эле бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Алешович Маданият министрлигине мамлекеттик кызматкерлер үчүн улуттук элементтер камтылган форманын дизайнын иштеп чыгып, сунуштоо тапшырмасын берди.
Демек, келечекте мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим үлгүсүндөгү формаларды кийиши мүмкүн.
Ал эми протоколдук жана эл аралык иш-чараларда белгиленген дресс-код мурдагыдай эле сакталат.