www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өлкөнүн электр менен камсыздоо системасын чыңдоо жана калкты сапаттуу тейлөө боюнча коюлган тапшырмаларынын негизинде, Жалал-Абад облусунда 2026-жылы энергетикалык тармакты реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча 5 долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган долбоорлор электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, жаңы конуштарды жана өндүрүш объектилерин туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.
1. Манас шаарында “Бакай” көмөк чордону курулат
Манас шаарынын аймагында кубаттуулугу 110/10 кВ болгон “Бакай” көмөк чордону курулат. Учурда Манас шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилип, курулуш иштерине даярдык көрүлүүдө.
Долбоорду 2026-жылдын аягына чейин бүткөрүү мерчемделген.
Жаңы көмөк чордондун курулушу Манас шаарында калктын санынын өсүшүнө, жаңы курулуш объектилеринин көбөйүшүнө жана электр энергиясына болгон суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу ишке ашырылууда.
Курулуш аяктагандан кийин “Бакай” көмөк чордону жаңы базарды, автобекетти жана жакынкы калктуу конуштарды туруктуу электр энергиясы менен камсыздайт.
2. Үч-Терек бөлүмүнүн жаңы имараты курулат
Токтогул РЭТинин Үч-Терек бөлүмүнүн административдик имараты жаңыдан курулат.
Эски имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана ушул убакка чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Жыл сайын акталып, сырдалып турганы менен, эскилиги жетип, кызматкерлердин иш алып баруусуна ыңгайсыздыктарды жаратып келген.
Учурда Үч-Терек бөлүмүнүн аймагында жер аянтын тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери 2026-жылдын ноябрь айында аяктайт деп пландалууда.
Долбоор “КУЭТ” ААК тарабынан каржыланат.
3. Аксыдагы Кербен бөлүмүнүн административдик имараты жаңыланат
Аксы РЭТинин Кербен бөлүмүнүн административдик имараты жаңыдан курулат.
Аталган имарат 1969-жылы пайдаланууга берилген. Жарым кылымга жакын убакыттан бери энергетиктер ушул жайда керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз тейлеп келишкен. Бирок бүгүнкү күндө имараттын эскилиги жетип, кызматкерлер үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратууда.
Учурда бул объект 2026-жылдагы пландык иш-чараларга киргизилип, курулуш иштерин баштоо боюнча даярдык жүрүп жатат.
Имаратты 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоор “КУЭТ” ААКнын өздүк каражатынын эсебинен каржыланат.
4. “Кристалл–Юлдуз” 220 кВ электр берүү линиясы жаңыланат
Өлкөнүн энергетикалык системасын өнүктүрүүгө багытталган REMIT долбоорунун алкагында “Кристалл–Юлдуз” 220 кВ электр берүү линиясы жаңыланат.
Узундугу 18 чакырым болгон бул аба чубалгы 1986-жылы курулган. Жыл сайын техникалык тейлөөдөн өтүп турганы менен, эскилиги электр энергиясынын жоготууларына алып келген.
Долбоор ишке ашкандан кийин линиянын электр өткөрүмдүүлүгү жогорулап, техникалык жоготуулар азаят.
“Кристалл–Юлдуз” 220 кВ аба чубалгысы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы транзиттик байланышта маанилүү ролду ойнойт.
5. “Торобаев” жана “Кристалл” көмөк чордондору модернизацияланат
REMIT долбоорунун алкагында 220/110/10 кВ “Торобаев” жана 220/110/10 кВ “Кристалл” көмөк чордондорунда толук модернизациялоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.
Долбоордун негизги максаты — көмөк чордондордун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, жаңы технологияларды киргизүү жана электр энергиясын сапаттуу бөлүштүрүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
Азыркы учурда 220/110/10 кВ “Торобаев” көмөк чордонунда жалпы кубаттуулугу 500 МВА болгон 3 даана автотрансформатор иштеп жатат. Модернизациялоо иштери аяктагандан кийин көмөк чордондун кубаттуулугу 600 МВАга чейин жогорулатылат.
Мындан тышкары, көмөк чордондогу 110 кВ чыңалуусундагы 13 даана эски май өчүргүчтөр заманбап элегаздуу өчүргүчтөргө алмаштырылат. Ошондой эле авариялык кыска чыңалуудан коргоочу жабдуулар жаңыланып, көмөк чордондун башкаруу системасы толугу менен жакшыртылат.
Жүргүзүлүп жаткан модернизациянын натыйжасында электр тармагындагы техникалык жоготуулар азайып, жабдуулардын ишенимдүүлүгү жана натыйжалуулугу жогорулайт. Бул өз кезегинде керектөөчүлөрдү сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт. Калкты туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, жаңы конуштардын жана өндүрүш объектилеринин электр кубатына болгон муктаждыгын канааттандыруу жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө болуп саналат.