www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн аймактык бүтүндүктү сактоо, эгемендүүлүктү коргоо жана чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо башкы милдет болуп саналат. Бул тууралуу саясий эксперт Медербек Корганбаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди . Анын айтымында, Кемпир-Абад суу сактагычынын маселеси чындыгында республикадагы коомдук-саясий кырдаалдын катализатору болуп калды.
«Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилиши оппозицияны, коомдук күчтөрдү жана карапайым жарандарды бир желектин астына бириктирди. Социалдык тармактарга, жаңылыктарга караганда, кыргыздар Кемпир-Абадды өткөрүп берүүгө терс көз карашта, ошондуктан Ак үй коомчулуктун пикирин эске алышы керек. Эгерде Кыргыз Республикасынын бийлиги Өзбекстан менен келишимди ратификациялоого аракет кыла турган болсо, анда Жогорку Кеңештин өзүндө да өтө кызуу саясий күрөш башталышы мүмкүн. Кемпир-Абад маселеси боюнча айрым депутаттар, саясатчылар, коомдук ишмерлер өз нааразычылыктарын, пикир келишпестиктерин эл алдында билдирип жатышат. Баткен районундагы курч кырдаал, Кемпир-Абаддын берилишине каршы митингдер Ак үйгө чоң жүк экенин моюнга алуу керек. Бир жагынан чек аранын коопсуздугун камсыздап, Дүйшөмбү тараптан эскалацияга жол бербөө керек, экинчи жагынан, Кыргыз Республикасынын жетекчилиги кыргыз жарандарынын жана Ташкенттин алдында жүзүн сактап, Өзгөн районунун жергиликтүү калкынын жана оппозициянын талаптарын угушу керек.
Менимче, өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо үчүн Ак үй Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүдөн баш тартып, Өзбекстан менен түзүлгөн өкмөттөр аралык келишимди чакыртып алышы керек. Ташкенттин алдында канчалык ыңгайсыз болсо да, азыркы кризистен чыгуунун бирден бир жолу ушул. Муну менен Ак үй республиканын ичиндеги коомдук-саясий тирешүүлөрдөн бошотуп, өз оппоненттерин Кемпир-Абад маселесин аларга каршы колдонуудан ажыратат. Андан ары Кыргызстандын бийлиги өзүнүн көңүлүн жана ресурстарын Баткенге гана бурса болот.
Азыр чек араларды чыңдап, бир нече коргонуу эшелондорун түзүү абдан маанилүү. Биздин чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганда, тажик тарап позицияларын бекемдөө, курал-жарак жана ок-дарыларды ташуу менен алектенип жатат. Эмне үчүн Рахмон бизге коркунуч жаратууну улантууда? Кыязы, Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна кызыкдар Кремлдин көрсөтмөсү боюнча иш-аракетин улантып жаткандай. Путин тажик диктаторунун колу аркылуу расмий Бишкекке кысым көрсөтүүнү улантууда. Мындан улам Кыргызстан жаңы аскердик жана саясий өнөктөш катары Түркия менен Азербайжанды тандоого аргасыз болду. Ал эми, бул түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы мамилени чыңдоо, Турандын курулушу», - деп белгиледи Медербек Корганбаев.