www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттары 101-аба-десанттык дивизиясын аскердик машыгууларга катышуу үчүн Европага жайгаштырды. Анын командачысы Ак үйдүн америкалык аскерлер өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышпайт деп ишендиргенине карабастан, Украинага кирүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
АКШ армиясынын 101-аба-десанттык дивизиясы Россия менен АКШ баштаган НАТОнун аскердик альянстын ортосундагы чыңалуунун күчөп турган шартында дээрлик 80 жылдан бери биринчи жолу Европага жайгаштырылды.
"Дивизиянын командири Россия аскерлери НАТОго чабуул жасаса, алар чек араны кесип өтүүгө жана Украинанын аймагына кирүүгө толук даяр экенин билдирди", — деп айтылат макалада.
CBS News телеканалынын маалыматына караганда, 101-аба-десанттык дивизиясы Румыниянын аймагында жайгашкан, жалпысынан 4,7 миң жоокерден турган жеңил жөө аскерлер тобу.
АКШ бийлиги америкалык аскер кызматкерлери Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышпай турганын бир нече жолу айтып келген.
Булак: NazarNews.kg