www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинадагы кризистин курчушу менен Германияны эч качан коркуткан эмес. Бул тууралуу Германиянын канцлери Олаф Шольц билдирди, деп жазат Die Welt гезити.

Саясатчынын айтымында, Батыштын маалымат каражаттары Берлин менен Москванын ортосундагы сүйлөшүүлөр боюнча расмий кабарларды эркин чечмелеп жатышат. Шольц жүйөлүү себептерден улам ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрү тууралуу айтпай турганын белгиледи.

"Бирок мен муну айта алам: бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө болжолдонгон коркунучтар жөнүндө окуган маалыматтар жалган", - деп мойнуна алды Германиянын канцлери.

Буга чейин Шольц Бундестагда сүйлөгөн сөзүндө Орусия Батыш менен болгон жаңжалда негизги курал катары энергия менен ачкачылыкты колдоноорун айткан. Бирок саясатчы буга карабастан Путин "Батыштын биримдигин буза албаганын" да кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости