www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыйырманчы кылымда кат тааныган кыргыздын экиден бири акын, жазуучу болушкан, (Владимир) Ильичтен (Леонид) Ильичке чейин буларды көкөлөтө мактап, сыйлыктарды берип жатса, ким жазуучу болбосун. Азыркы заманда жазуучулар “түгөнүп” баратат, бир гана өзүнүн жыландары менен, фантастикалары менен бул жакта кыймылдабай жалгыз эле Чолпонбек Абыкеев калгандай. Акыркы мезгилде ал бийликтин бийик бутактарына чыгып жүрөт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси деген кызматтарды аркалап. Биз эми анын шедеврлерине жаман сөз жугузбай, азыркы заманда жазып жаткан кээ феноменалдуу чыгармаларына келели. Өткөн кылымдарда жашаган эсепчилерге чоң басым жасаган Чолпонбек Абыкеев “Жазуучунун чөнтөк дептеринен” аттуу жыйнак китебинде Эсенбай тууралуу маалыматтарды берген. Ошол жердеги “Эсенбайдын чилдеси” чыгармасынан кыскача алдык:
“Учурунда ак сакалы жайылган карыялар шыпшынышып Эсенбай тууралуу аңыз кептерди этиаттык менен айтып беришчү. Биз эч нерсе менен ишибиз жок байоо наристелер Эсенбай менен кандайдыр бир сыр байланып тургандай кулагыбызды төшөп укчубуз. Эл оозуна алынган эсепчилерден Кочкор жергесинде Эсенбай эсепчи чыккан. Эсенбай элине ак кызмат кылып, жамы журтка пайдасын тийгизген. Эсенбай эсепчи чилденин, сууктун чыгышын төрткө бөлгөн экен.
Эң биринчи чилденин дал баш чагында, “Кырк жигит” кетет деген. Бул 19- январдан 2-февралга чейин 12 күнгө созулат. Кырк жигит кетип атканда кычыраган суук болот. Муну “Жигиттер жигиттик мүнөзүн көрсөтүп атат”- деп коюшат. Кырк жигит кетип жатканда кычыраган суук болуп кар кайта- кайта жааса “ Жыл жаанчыл жакшы болот экен” – дептир жарыктык. Эгер “Кырк жигит” кетип жатканда күн жылымыктап, кар жаабай калса, Эсенбай эсепчи кайгырып: “Бул жыл оор болуп калчудай. Быйыл жаан жаабай, кургакчыл болуп жер түшүм бербей дыйкандарга кыйынчылык болот окшойт. “Кырк жигит” кылжыңдап чыкты, арты жакшы болсо экен” –деп калчу экен.
Эсенбай эсепчинин айтуусу боюнча андан кийинки сууктун чыгышы 2-февралдан баштап “Кырк кыз” кетет. Бул дагы он эки күнгө созулуп, 2- февралдан баштап 14-февралга чейин “Кырк кыз” кете баштайт. ““Кырк кыз” кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе бирде бүркөлүп, бирде жамгыр жааса бирде карлап, кыздардын мүнөзүндөй кылык көрсөтөт. Мындай табият кубулушун Эсенбай эсепчи: “Кырк кыз кылыктанып атат. Күн жаркырап тийип, кар ээрисе жаз келип калды дебегиле. Али көп оюндары бар бул кыздардын”- деп айткан, “Кырк кыз” чыгып жатканда кар аралаш жамгыры көп жаап, бирде күн ысып кар ээрип жаз келгендей болуп жаркыраса “Быйыл жаз эрте келет окшойт. Жаз жамгырлуу болуп жер айдоого жакшы болот көрүнөт. Жазга эрте камыналы” — деген экен жарыктык.
Чилденин акырында 14 – февралдан баштап дагы он эки күнгө созулган “Кемпир ыйлаак” деген кургуру бар. Муну 26 -февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” – дешкен. ““Кемпир ыйлаак” биринчи жумада, жыла басып жумшак кирип, кар аралаш жамгырлатат. Короо — сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет. Алай-дүлөй бороон боздоп ыйлап кар борошолотуп элдин эсин чыгарган шамалдар болот. “Кемпир ыйлаак” “Казаныңарга эле эмес этиңерге май калтырбай алам”- деп шерт кылып келет тура. Мунун түпкү маани маңызы кышка камылга көрүп жай күздө даярдан дегенде жатат. “Келерки жылда дагы келээрмин..” – деп жатпайбы.
“Кемпир ыйлаак” борошолотуп кар жадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт”- дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак” (20 сынан 26 – февраль ичинде) борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби. Мени кетти дебегиле 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”- дешет.
Өркөчү менен тайлак калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Куйругу менен козу калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Эмчеги менен кыз калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Соорусу бөксөрбөй келин калыптыр кокуй
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Очок кучактаган чалга алым жетпептир кокуй
Чач уштугун көтөрө албаган кемпирге алым жетпептир кокуй
Кычыратып аязды түшүрө албаптырмын…
Бурганактуу борошо бороон кылбаптырмын
Кайрылып келерки жылда дагы келээрмин
Камыңарды ошондо чындап көрөөрмүн… деп боздоп ыйлап кар борошолотуп буй түшүрүп кетет имиш.
26- февралдан 11- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот. Бул төртөө кетип атканда да айрым жылдарда 3 күнгө чейин ары бери эрте же кеч болуп жылышмайы болот. Мына ушул 12 күндөн бөлүнгөн төрт бөлүк жылдын кандай болоорун аныктап койгон. Жыл жаанчыл болобу же кургакчыл болобу. Жаз эрте келеби же кеч келеби. Жазда кайта- кайта үшүк жүрүп жер жемишке, өсүмдүктөргө зыяны тийеби же үшүк жүрбөй берекелүү жыл болобу. Эсенбай эсепчи ушул төрт бөлүктүн ар бир күнүн санап кандай сыр көрсөтүп жатат өзгөчө байкаган. Эсте сактаган. Ошондуктан ал тууралуу нечен легендалар айтылып калган. “Кырк жигитке” жоолугуп жүрөгү тоңуп эч кимди сүйбөй калган кыз жөнүндө, “Кырк кызга” жоолугуп жүрөгү тоңуп кыз сүйбөй калган жигит жөнүндө да жомок легендалар бар».
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg