www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-февралы күнү Кремль тарабынан Украинага каршы башталган согуш Сергей Шойгунун чыныгы жүзүн ачты. Шойгу жетектеген куралдуу күчтөр абдан чоң жоготууларга дуушар болуп келе жатат. Мындай пикирин саясатчы Медербек Коргонбаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--"Орусиянын президенти Владимир Путин жана Сергей Шойгу кан достор экендиги жалпыбызга маалым. Путин доорунда Шойгу бир-нече жыл Өзгөчө Кырдаалдар министрилигин жетектеп келди, Москва аймагына губернатор болду, кийин Коргоо министри кызматына дайындалды.

Шойгу албетте, Путиндин айлана-чөйрөсүндөгү эң таасирлүү саясий инсандардын бири. Путин Шойгуга аябай ишенип, ага өлкөдөгү эң бир маанилүү кызматын - коргоо түзүмүн тапшырган. Жада калса, Сергей Шойгу келечекте Путиндин мураскери болот деген божомолдор кеңири тараган. Балким, чындап эле бара-бара Шойгу Путиндин батасын алып, президенттик ордун ээлеп калмак. Бирок, 2022-жылдын 24 - февралы күнү Кремль тарабынан Украинага каршы башталган согуш Сергей Шойгунун чыныгы жүзүн ачты. Согуш болуп жаткан кезде орус армиясынын  бир топ кемчиликтери ачыкка чыгып, Шойгу жетектеген куралдуу күчтөр абдан чоң жоготууларга дуушар болду.

Путин дайыма Европа жана АКШнын алдында орус аскерди жана орус куралды жогору коюп, батыш армияларын мазактап келген. Кремлдин маалымат булактары Орусиянын элин орус армиясы дүйнөдөгү эң күчтүү аскер деп тынымсыз ишендирип келген. Ал эми 9-майда - Жеңиш күнүнө арналган, дайыма уюштурулуп келген парад орус бийликтин Батышка багытталган эң жакшы көргөн саясий жана аскердик жарнамасы болчу - мына, көрүңүздөр, билип жүргүлө, бизде ушундай мыкты куралдуу күчтөр, заманбап курал-жарак бар, бизден коркуп жүргүлө!  

Бирок, украиналык армия орус аскеринин аброюн төмөн түшүрүп, Кремлдин саясий жана маалымат кыялын жокко чыгарып салды. Украинанын жоокерлери жана  карапайым эли аёсуз каршылык көрсөтөт деп Кремль күткөн эмес. Ал эми, Шойгунун аскер түзүмдөрү заманбап согушка даярдыгы жок экендигин даана көрсөтүштү.

Путин расмий Киев менен эсептешпей, украиналык куралдүү күчтөрүн татыктуу душман катары көргөн эмес. Ал эми, ошол эле кезде Украина 8 жыл бою тынбастан аскерлерин машыктырып, согушка болгон даярдыкты өстүрүп келген. Ушул себептен Орусиянын аскер бөлүктөрү Украинаны 2 күндө же жада калса 2 жумада баса албай, Киевке жетип-жетпей артка кайрылып келишти.

Бүгүнкү күндө ачык булактарга таянсак, согушта Орусиянын 30 миң  аскери каза тапты. Бул жөнөкөй тил менен айтканда, 3 толук кандуу дивизия. Көп жоготуулардын кесепетинен орус коргоо министрликтеги жана армиядагы жетекчилердин арасында кээ бирлери Шойгуга нараазы болуп, орус аскердин башынан өткөргөн кырсыктарга жана жеңилүүсүнө Шойгу күнөөлүү деген сөздөр да айтылды. Чындыгында, Шойгунун бул маселеде жоопкерчилиги бар.

Сергей Шойгу Өзгөчө Кырдаалдар министрлигин өз убагында мүмкүн мыкты башкарып келгендир, а бирок Коргоо министрликти, куралдуу күчтөрдүн көйгөйүн, жүгүн көтөрө албады окшойт. Моюнга алыш керек, Шойгу аскер тармагын такыр билбейт, тажрыйбасы жана билими жетпеди. Адамды куткаруу жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу - бул ар кандай нерселер. Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги менен Коргоо Министрликтин айырмасы асман менен жердей сыяктуу. Путин Шойгуга ишеним көрсөтүп, чоң катачылык кетирди. Путин менен Шойгунун достугу Орусияга зор зыян келтирди десек жаңылышпайбыз. Украина үчүн бул достук абдан пайдалуу болду. Эгерде Шойгунун ордунда башка тажрыйбалуу, акылдуу генерал болгондо, анда балким орус армиясынын даярдыгы жана мүмкүнчүлүктөрү жогорку денгээлде болмок. Ким билет. 

Путин достукту жогору коюп, Шойгу досунун айыбынан дүйнөлүк коомчулуктун алдында  шермендеге айланды, миңдеген өмүрлөр кыйылды, миллиард деген каражаттар асманга сапырылды.

Достуктун баасы кээде аябай чоң жана оор болот экен", - деп билдирди Медербек Коргонбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости