www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэр Эмилбек Абдыкадыровдун иштей албасы ачык байкалды. Шаардыктардын да көзү жетти. Элибиз көп нерсени үмүт кылган эмес. Инвестиция тарта албасын, туризмге салым кошуу колунан келбей турганын баары билишет. Болгону Бишкекти таза сактап, акыр-чикирлерди убагында тазалатып берсе, жолдорду оңдосо, суу, жарык өчүрүлбөсө, мына ушул сыяктуу күнүмдүк муктаждыктарды гана тейлеп бербейт беле?

Тилекке каршы, таштандылар тазаланбай калды. Сасып, курттап, чириген чагы. Шаардын көркүн ачкан бак-дарактар куурап атат. Өзгөчө жаңы конуштарда көйгөйлөр арбын. Социалдык суроолор ачык бойдон турат. Алгач Эмилбек Абдыкадыров кызматка келгенде миңден ашуун объектилерди, павильон, комокторду алдырган, бул жагы өзүнчө шек жаратып, каралбай калды. Гектарлаган канча жерлерди алган? “Соодалашуу” кандай жүрүп жатканы белгисиз.

Айтор, борбор шаарыбызды башаламан кылып салды. Калың калк кыжырданууда. Ачык каршылык көрсөтүшпөсө да ичтеринен кайнап жатышкандай. Аягы жакшы бүтпөйт окшойт. Бийликтин рейтингин түшүрүүгө тескери салымын кошуп аткан чагы. Көзөмөлдөн сырт кеттиби?

Булак: Азия News гезити

Последние новости