www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачык асман бүркөлүп чагылган чартылдагандай эле болду. Жөндөн-жөн туруп эле Дмитрий Медведевдин Казакстанга асылып киргени ар кандай ойду жаратты. Кээ бирөөлөрдөн Владимир Путин Касымжомарт Токаев менен дурус эмес, ошондуктан 2022 жылдын 12 июнунда Назарбаевди кабыл алып, эми Токаевге каршы турат деген кептер чыкты. Орусия казактардын Орусия менен чектешкен алты облусун көздөп турат. Украинадан соң казактардын жерин алууга умтулат, Назарбаев өз кара жанын сактап эгер кайрадан президент болсо Казактардын алты облусун Орусияга берүүгө даяр. Ошондуктан Медведевге казактарды жамандоого көрсөтмө берди  деген имиштер чыкты.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев “душман өлкөлөр Орусияны КМШдагы достору менен уруштура албайт” деп билдирди. Дмитрий Медведев өзүнүн ВКонтакте баракчасына РИА Новостиге берген интервьюсунун үзүндүлөрүн жарыялады. Орусиялык саясатчы агенттиктин суроолорунун жообун жарыялады: “Жакында сиздин социалдык тармактагы аккаунтуңуз да хакердик чабуулга кабылды. Мурдагы СССРдин республикаларына каршы кескин чабуулдарды камтыган билдирүү жарыяланды. Буга кантип каршы туруу керек?"

«Мындай хакерлик чабуул биринчи жолу болуп жаткан жок. Убагында мен премьер-министр болуп турганда да ушундай чабуулдар менен күрөшүүгө туура келген. Бул биз айтып өткөн маалыматтык согуштун бир көрүнүшү. Мен дагы бир жолу тастыктай алам: социалдык тармактын администрациясы жана компетенттүү кызматтар өз алдынча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Кылмышкерлер жазасыз калбайт”, - деп айтылат Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын билдирүүсүндө.

Медведевдин айтымында, «ЖККУдагы, ЕАЭБдеги же ШКУдагы өнөктөштөрдү кагылыштырууга кызыкдар душман өлкөлөр жана саясатчылар көп». «Бул биздин эрежелерге кирбейт жана биздин моралдык принциптерге туура келбейт. Биз досторубуз менен түз жана ачык сүйлөшөбүз, эки ача пикир жок. Душман күчтөр бизди уруштура албайт. Биз официалдуу декларациялар боюнча гана эмес, ошондой эле иш боюнча, биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин таламдарына тиешелүү болгон күнүмдүк маселелерди чечүүдө союздашбыз. Мындан ары да ушундай болот», - деп жыйынтыктады орусиялык саясатчы. Буга чейин интернет желесинде Дмитрий Медведевдин ВКонтактедеги баракчасына жазылган скриншоттор пайда болгон. Скриншоттордо “Казакстан – жасалма мамлекеттик түзүлүш” деп, ал эми бирдиктүү Грузия 19-кылымдын башында Орусия басып алганга чейин болгон эмес", - деп жазылган.

Анын жазгандарына кайрылып көрөлү. Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин «Вконтакте» социалдык тармагындагы баракчасында Казакстан тууралуу маалымат жазды. Билдирүүдө Казакстан Орусия империясынын аркасы менен пайда болгону айтылат. «Казакстан — жасалма мамлекет, орустардын мурдагы жери, мисалы, Гурьев, Семипалатинск шаарлары. Жада калса Алматы калаасы 1924-жылга чейин Верный деп аталып келген. 21-кылымда Казакстандын бийлиги республиканын ичинде ар кайсы улуттагы адамдарды бири-бири менен аралаштырып баштады, муну орустарды жок кылып жатат деп атасак болот. Биз буга көз жумуп тура албайбыз. Ал жакка орустар бармайынча, тартип болбойт», - деп айтылат билдирүүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости