www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу кечээ, 2026-жылдын 19-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев 2025-жылдагы ведомстволук «Фемида» пансионатынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын угуу учурунда билдирди.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку соттун Аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, ошондой эле ведомстволук «Фемида» пансионатынын директору Шермамат уулу Бексултан катышты.

Жыйындын жүрүшүндө пансионаттын директору мекеменин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана учурдагы мезгилге карата пландары тууралуу кеңири маалымат берди. Тактап айтканда, 2025-жылы пансионаттын жалпы кирешеси болжол менен 27 миллион сомду түзгөнү, ал эми чыгашалар, анын ичинде кызматкерлердин эмгек акысы, 24 миллион сомдун тегерегинде болгондугу маалымдалды.

Учурда пансионаттын аймагында ашкана куруу, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, инфраструктураны андан ары өнүктүрүү жана жашылдандыруу максатында чектеш аймактарды ижарага алуу боюнча зарыл болгон документтер даярдалууда. Перспективдүү долбоорлордун катарында мейманкана комплексин куруу да каралган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев пансионатты мындан ары өнүктүрүү боюнча так жана этап-этабы менен ишке ашырыла турган иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгууну, сот тутумунун кызматкерлерин — кесиптик бирликте мүчө болгон жана мүчө болбогон кызматкерлерди кабыл алуу тартибин аныктоону, ошондой эле эс алуу жана иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап талаптарга жооп берген ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.

Маалымат үчүн белгилей кетсек, Шермамат уулу Бексултан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы «Фемида» пансионатынын мамлекеттик ишканасынын директору болуп 2025-жылдын 3-июнунда дайындалган.

Ошондой эле белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 8-июлундагы буйругуна ылайык, аянты 7,33 гектарды түзгөн жер тилкеси менен бирге 16 коттедж Сот департаментинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүлгөн. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы «Фемида» пансионаты мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Пансионаттын долбоордук сыйымдуулугу 320 адамды түзөт.

Последние новости